14.07.2026
Маалымат борбору
Кызматтын үч кызматкери Россия Федерациясында окуудан өттү
2026-жылдын 28-июнунан 4-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын үч кызматкери Россия Федерациясынын Казань шаарындагы Россиянын Федералдык монополияга каршы кызматынын (ФАС Россия) окуу борборунда окутуудан өтүштү.
Окуу курсунун алкагында Россия Федерациясынын мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарын укуктук жөнгө салуу жана аларды колдонуу практикасы, ошондой эле атаандаштыкты адвокаттоо маселелери каралды.
Алынган билим жана практикалык тажрыйба Кызматтын мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү ишмердүүлүктү өркүндөтүүдө жана атаандаштык саясатын өнүктүрүүдө мындан аркы ишинде пайдаланылат.