Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
17.07.2026 Маалымат борбору

Чүй облустук бөлүмү (мындан ары — Бөлүм) тарабынан жаран Ю.Кнын «ТРИБЕН» заводунан терезе продукциясын сатып алуудагы керектөөчү катары укуктары бузулгандыгы тууралуу кайрылуусу каралды

Кайрылууну ар тараптуу, объективдүү жана толук кароо максатында Бөлүмдүн адистери тарабынан Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Мыйзамынын алкагында тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлдү. Кайрылууну кароонун жүрүшүндө тараптарга колдонуудагы мыйзамдардын ченемдери боюнча кеңири түшүндүрмөлөр берилип, ошондой эле керектөөчүлөрдүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоонун, өзүнө алынган милдеттенмелерди ак ниеттүү аткаруунун зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.                                                                                                                              Жүргүзүлгөн иштердин жана көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында тараптардын ортосундагы талаш сотко чейинки тартипте жөнгө салынды. «ТРИБЕН» заводунун администрациясы тарабынан жаран Ю.Кга жалпы суммасы 3 000 АКШ доллары (262 350 сом) болгон сапаттуу терезелер орнотулду. Макулдашууда каралган бардык иштер толук көлөмдө жана талаптагыдай аткарылды.                                                                                                                        Керектөөчүлөрдүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо Чүй облустук бөлүмүнүн ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын бири болуп саналат. Өзүнө берилген ыйгарым укуктардын алкагында Бөлүм жарандардын кайрылууларын карайт, бузулган укуктарын калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтөт, талаштуу маселелерди жөнгө салууга көмөктөшөт, ошондой эле ишкердик субъекттеринин жана калктын арасында укуктук сабаттуулукту жогорулатууга жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзам бузуулардын алдын алууга багытталган маалыматтык-түшүндүрүү жана профилактикалык иштерди жүргүзөт.                                                                                                                                        Чүй облустук бөлүмү мындан ары да жарандардын кайрылууларын ыкчам, объективдүү жана ар тараптуу кароону камсыз кылып, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча зарыл чараларды көрүүнү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына көмөктөшүүнү, ошондой эле мыйзам бузуулардын алдын алуу, мыйзамдуулукту чыңдоо жана коомдун жогорку укуктук маданиятын калыптандыруу боюнча иштерди ырааттуу жүргүзүүнү улантат.