Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
27.07.2026 Маалымат борбору

Жарандардын кызыкчылыктарын коргоо – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин күйүүчү-майлоочу материалдар рыногундагы башкы артыкчылыгы

2026-жылдын июль айынын аягына карата Кыргыз Республикасында күйүүчү-майлоочу материалдардын баасы аймактагы өлкөлөрдүн ичинен эң жеткиликтүү деңгээлдердин бири бойдон калууда. Дүйнөлүк жана регионалдык рыноктордо мунай продуктуларынын баасы жогору бойдон сакталып жаткандыгына карабастан, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ишке ашырылып жаткан комплекстүү чаралардын натыйжасында ички рынокто күйүүчү майдын баасынын кескин өсүшүнө жол берилген жок.

Белгилей кетүүчү жагдай, Кыргызстандагы күйүүчү-майлоочу материалдардын учурдагы чекене баалары импорттолгон мунай продуктуларынын сатып алуу наркынын иш жүзүндөгү өсүшүн толук чагылдырбайт. Баанын өсүшүнө байланыштуу чыгымдардын бир бөлүгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-майындагы №369 токтому менен киргизилген күйүүчү-майлоочу материалдарды импорттоочуларды жана сатуучуларды убактылуу субсидиялоо механизминин алкагында мамлекет тарабынан компенсацияланат.

Аталган механизмге ылайык мамлекет импорттолгон мунай продуктуларынын иш жүзүндөгү сатып алуу баасы менен белгиленген эсептик баанын ортосундагы айырманы компенсациялайт. Бул акыркы керектөөчүлөр үчүн чекене баалардын өсүшүн ооздуктоого мүмкүндүк берет.

Иш жүзүндө бүгүнкү күндө күйүүчү майдын ар бир литринин наркынын белгилүү бир бөлүгү мамлекет тарабынан компенсацияланып, чекене бааларды импорттук нарк толугу менен керектөөчүгө жүктөлгөн учурда калыптанмак болгон деңгээлден кыйла төмөн деңгээлде кармап турууга шарт түзүүдө.

Эгерде мындай компенсациялар болбогондо, анда рынокто АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы болжол менен 105 сом/литр, дизелдик отундун баасы 115 сом/литр, ал эми суюлтулган көмүр суутек газынын (автогаздын) баасы 55 сом/литр болмок.

Мындан тышкары ички рынокту турукташтыруу максатында күйүүчү-майлоочу материалдардын бааларын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу, импорттолгон мунай продуктулары боюнча акциздик салыктын төлөө мөөнөттөрүн өзгөртүү, ошондой эле өлкөгө күйүүчү майды үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар кабыл алынды. Бул чаралардын комплекси жарандардын жана ишкердик субъекттеринин кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын энергетикалык жана экономикалык коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.

Бааларга жүргүзүлгөн мониторингдин маалыматына ылайык, Бишкек шаарында АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы литрине 86,9 сомду түзөт. Бул көрсөткүч Армениядагы (124,8 сом), Тажикстандагы (118,2 сом) жана Өзбекстандагы (94,9 сом) баалардан кыйла төмөн жана мамлекеттик жөнгө салуу менен өзүнүн мунайды кайра иштетүү тармагына ээ болгон Казакстандын деңгээлинен бир аз гана жогору.

Ушундай эле жагдай дизелдик отун жана суюлтулган көмүр суутек газы боюнча да байкалат. Ошону менен бирге, Кыргызстан мунай продуктулары боюнча дээрлик толугу менен импортко көз каранды экендигин, ал эми коңшу мамлекеттердин бир бөлүгү өзүнүн чийки зат базасына жана ири мунайды кайра иштетүүчү ишканаларына ээ экендигин эске алуу зарыл.

Күйүүчү майлардын бааларын салыштыруу

Күйүүчү майКыргызстан (Бишкек)КазакстанРоссияБеларусьАрменияТажикстанӨзбекстан
АИ-9286,946,878,378,5124,8118,294,9
АИ-95109,960,785,481,6132,0132,4120,5
Дизелдик отун99,964,893,781,6141,6156,0100,0
Суюлтулган көмүр суутек газы (автогаз)48,821,044,141,560,064,342,3

Мамлекет тарабынан ишке ашырылып жаткан колдоо чаралары ички мунай продуктулары рыногунун туруктуулугун камсыз кылууга, калк жана бизнес үчүн күйүүчү майдын жеткиликтүүлүгүн сактоого, тартыштыктын алдын алууга жана тышкы баа конъюнктурасынын өлкөнүн экономикасына тийгизген таасирин минималдаштырууга мүмкүндүк берүүдө.

Мунай трейдерлеринин маалыматына ылайык, сунушталып жаткан жаңы келишимдердеги баалар дагы бир нече эсеге жогору болууда. Мындан тышкары, күйүүчү майды жеткирүүгө байланыштуу логистикалык көйгөйлөр да сакталууда.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы күйүүчү-майлоочу материалдар рыногундагы кырдаалга туруктуу мониторинг жүргүзүүнү улантып, зарыл болгон учурда керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоого жана күйүүчү май рыногунун туруктуу иштешин камсыз кылууга багытталган тиешелүү чараларды көрүүнү улантат.