Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
07.08.2026 Маалымат борбору

Көмүр рыногундагы баа түзүүнүн жаңы механизми: ачык-айкындуулук, жеткиликтүүлүк жана көзөмөл

2026–2027-жылдардагы жылытуу мезгилинде калкты жеткиликтүү көмүр менен камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы (мындан ары – Кызмат) тарабынан көмүрдү сатуу рыногунда баа түзүүнү жөнгө салуунун жаңы механизми иштелип чыкты.

Жаңы механизм баа түзүүнүн ачык-айкын жана түшүнүктүү системасын калыптандырууга, калк үчүн экономикалык жактан негизделген бааларды камсыз кылууга, ошондой эле көмүрдүн наркынын негизсиз өсүшүнө жол бербөөгө багытталган. Анын алкагында Кызмат менен «Кыргызкөмүр» ААКсынын өз ара аракеттенүүсү, ошондой эле рыноктун ачык-айкындуулугун жогорулатууга жана керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоого багытталган чараларды колдонуу каралган.

Бул механизмди ишке ашыруунун алкагында «Кыргызкөмүр» ААКсынын отун базаларында калк үчүн көмүрдү сатуу рыногунда баа түзүү жөнүндө макулдашуу түзүлдү.

Механизмдин негизги милдеттери төмөнкүлөр:

- көмүрдү сатуу процессине коомдук көзөмөлдү камсыз кылуу;

- көмүрдүн карьердеги наркын, аны ташуу чыгымдарын жана отун базасындагы акыркы бааны камтыган баанын ачык-айкын түзүмүн калыптандыруу;

- калкка көмүрдү экономикалык жактан негизделген жана жеткиликтүү баалар менен сатуу;

- көмүрдү сатуу процессине ортомчулардын негизсиз катышуусун болтурбоо;

- 2026–2027-жылдардагы жылытуу мезгилинде көмүрдүн туруктуу жеткирилишин камсыз кылуу;

- бааларга жана сатуу көлөмдөрүнө туруктуу мониторинг жүргүзүү;

- көмүрдүн бар экендиги, колдонуудагы баалар жана аны сатуу жайлары жөнүндө маалыматтын ачыктыгын камсыз кылуу.

Түзүлгөн Макулдашууга ылайык, «Кыргызкөмүр» ААКсы отун базаларынын иштешин камсыз кылат, көмүрдү калкка түздөн-түз сатууну жүзөгө ашырат, ошондой эле көмүрдүн бар экендиги жана колдонуудагы баалар жөнүндө маалыматты үзгүлтүксүз жайгаштырып турат.

Кызмат өз кезегинде Макулдашуунун шарттарынын аткарылышын көзөмөлдөйт, көмүрдү сатуу рыногуна мониторинг жүргүзөт, жарандардын кайрылууларын карайт жана бузуулар аныкталган учурда таасир этүү чараларын көрөт.

Жаңы механизмди киргизүү көмүр рыногунун ачык-айкындуулугун жогорулатууга, керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоону күчөтүүгө, жеткирүүлөрдүн туруктуулугун камсыз кылууга жана калкка көмүрдү адилет жана экономикалык жактан негизделген баалар менен сатуу үчүн шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.

Төмөндө жарандар сатуунун жаңы механизминин алкагында көмүр сатып ала турган Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы «Кыргызкөмүр» ААКсынын иштеп жаткан отун базаларынын тизмеси келтирилди.

Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча отун базаларынын тизмеси

Дареги

ЖИ жана ЖЧК

 БИШКЕК шаары
 Ленин району.

1

Бишкек ш., Ленин району, «Ак-Ордо» ж/м, Аят-2 көч. (Э.Иманалиев көч. менен кесилишет), контур №98.ЖИ «Бегалиева Ж.З.»

2

Новопавловка а., Крупская көч., 283АЖИ «Нурманбетов Б.К.»

3

Бишкек ш., Ленин району, Мурманская көч., 1 (Б)ЖЧК «ДОС-МЭН»

4

Бишкек ш., Ленин району, Мурманская көч., 1 (Б)ЖИ «Алымбеков С.Т.»

5

Бишкек ш., Ленин району, Сарыкулаков көч., 6 (Б) (Алыкулов көч.).ЖИ «Жунушалиева Г.Т.»

6

Бишкек ш., Ленин району, Дэн Сяопин көч., 306 (Б)ЖИ «Устаева А.С.»
 Октябрь району.

7

Бишкек ш., Октябрь району, Достоевский–Анкара көч., 97 «К».ЖИ «Аккулаков Н.Ж.»

8

Бишкек ш., Октябрь району, Лев Толстой көч., б/н.ЖИ «Акжолтоев Э.К.»

9

Бишкек ш., Октябрь району, «Кара-Жыгач» ж/м, «Оберон–Сары-Өзөн» көчөлөрүнүн кесилиши.ЖИ «Бабышов М.»

10

Бишкек ш., Октябрь району, Көк-Жар а., Полевая көч. (МТФ).ЖИ «Мамбеткадыров Б.Н.»
 Биринчи Май району.

11

Бишкек ш., Биринчи Май району, Озёрное а., Школьная көч., №3.ЖИ «Жумгалбек уулу Ж.»

12

Бишкек ш., Биринчи Май району, «Калыс-Ордо» ж/м, Объездная көч., контур №327.ЖИ «Алмазбекова А.И.»
 Свердлов району.

13

Бишкек ш., Свердлов району, Нижняя-Аларча а., Киргизская көч., контур №902.ЖИ «Анарбекова М.Ж.»

14

Бишкек ш., Свердлов району, Маевка а., Объездная–Киргизская көчөлөрүнүн кесилиши, контур №818.ЖИ «Каныбаев А.А.»

15

Бишкек ш., Свердлов району, Нижняя-Аларча а., Киргизская көч., №16.ЖИ «Бейшекеев Б.К.»

16

Бишкек ш., Свердлов району, Лебединовка а., Калинин көч. (1-линия, 8/1).ЖИ «Усупбаева А.А»

17

Бишкек ш., Свердлов району, Ленинское а., Объездная көч., контур №963.ЖИ «Сапарбек у А.»

18

Бишкек ш., Свердлов району, Келечек ж/м, 14-көч., 9-участокЖИ «Тажиев Э.»

19

Бишкек ш., Свердлов району, Нижняя Аларча а., Курманалиев көч., б/н, Элебесов көч. менен кесилишет.ЖИ «Устапбеков Д.У.»

 

Бишкек ш. боюнча ЖЫЙЫНТЫГЫ
 ЧҮЙ ОБЛУСУ
 Кемин району.

1

Кемин ш., Ч.Акаев көч., б/нЖИ «Орозалиев Т.Б.»

2

Кемин ш., Советская көч., 168.ЖИ «Кочкорбаев К.Т.»
 Токмок ш.

3

Токмок ш., Жантаев көч., б/н.ЖИ «Айтмергенов С.Т.»

4

Токмок ш., Жантаев көч., б/н (вокзал жайгашкан аймак)ЖИ «Акматов Д.Б.»

5

Токмок ш., Жантаев көч., 76.ЖЧК «Алымболсун»

6

Токмок ш., Жантаев көч., 81/4.ЖИ «Жээнбеков Н.Ж.»

7

Токмок ш., Жантаев көч., 76 (Б)ЖИ «Касенов А.»
 Чүй району

8

Чүй району, Жантаев көч., б/нЖИ «Кочкорбаев К.Т.»

9

Чүй району, Бурана а/а, Дөң-Арык а.ЖИ «Сталбек уулу Т»
 Ысык-Ата району.

10

Ысык-Ата району, Жээк а/а, контур №118.ЖИ «Аргумбаев Б.Н.»

11

Ысык-Ата району, Аккудук а/а, Кант ш., ВПЗ, участок б/н.ЖЧК «Уголь Магнат»

12

Ысык-Ата району, Ивановка а., Фурманов көч., 1.ЖИ «Чыналы уулу Б.»

13

Ысык-Ата району, Жээк а/а, Дмитриевка а.ЖИ «Акжолтой уулу К.»

14

Ысык-Ата району, Сын-Таш а.ЖИ «Акжолтой уулу К.»
 Аламүдүн району.

15

Аламүдүн району, Васильевка а., контур №641.ЖИ «Бейшеналиев А.Б.»

16

Аламүдүн району, Кой-Таш а., Чыңгыш-Баатыр көч., контур №773.ЖИ «Максутов Э.Т.»

17

Аламүдүн району, Ленинское а., Восточная көч., 248 (А)ЖИ «Момунбаев Ж.К.»

18

Аламүдүн району, Байтик а., контур №376.ЖИ «Чопиева А.Т.»

19

Аламүдүн району, Горная Маевка а., контур 515ЖИ «Байсаякова Э.К.»

20

Аламүдүн району, Таш-Дөбө а., М.Горький көч.ЖИ «Бектенбаев С.О.»
 Сокулук району.

21

Сокулук району, Манас а., «Птицефабрика» көч.ЖИ «Акматбеков Н.Н.»

22

Сокулук району, Кожомкул а., Фрунзе көч., контур №31.ЖИ «Артыков М.М.»

23

Сокулук району, Сокулук а., Фрунзе көч., 40.ЖИ «Болот уулу Э.»

24

Сокулук району, Сокулук а., Фрунзе көч., 216.ЖИ «Кенжебек уулу Азим»

25

Сокулук району, Сокулук а., Новая көч., 13 (В).ЖИ «Таабалды уулу Улан»

26

Сокулук району, Дача-Суу а.ЖИ «Токонов М.С.»

27

Сокулук району, Кара-Сакал а., М.Жангазиев көч., б/н.ЖИ «Токтобеков Б.Т.»
 Москва району.

28

Москва району, Беловодское а., Ленин көч., 101 (А).ЖИ «Аскарбекова А.А.»

29

Москва району, Петровка а., Центральная көч.ЖИ «Жолдошбек уулу А»

30

Москва району, Беловодское а., Колхозная көч., 166.ЖИ «Нурбек уулу А.»

31

Москва району, Беловодское а., темир жол станциясы (ЖД)ЖИ «Нурбек уулу А.»
 Жайыл району.

32

Жайыл району, Новониколаевка а., Западная көч., 1/2ЖИ «Орозова А.Дж.»

33

Жайыл району, Новониколаевка а., Западная көч., 1 (Б).ЖИ «Орозов Р.О.»

34

Кара-Балта ш., Жайыл-Баатыр көч., 90ЖИ «Джанаков М.Т»

35

Кара-Балта ш., Жайыл-Баатыр көч., 46.ЖИ «Кудунова В.М.»

36

Жайыл району, Сосновка а., «1-Май» көч., 185.ЖИ «Кулмурзаев К.З.»

37

Жайыл району, Полтавка а., Октябрьская көч., 99.ЖИ «Мийнекеев А.Б.»

38

Жайыл району, Суусамыр а., Жибек-Жолу көч., б/н.ЖИ «Назыпбеков С.К.»
 Панфилов району.

39

Панфилов району, Центральная көч., 239ЖИ Нургазы уулу Жакшылык

58

Чүй облусу боюнча ЖЫЙЫНТЫГЫ

Макулдашуунун алкагында керектөөчүлөр көрсөтүлгөн даректерден көмүрдү төмөнкү баалар менен сатып ала алышат:

Калк үчүн «Кыргызкөмүр» ААКсынын отун базаларында сатылуучу көмүргө чекене баалар

Статьялардын аталышы

өлч. бирд.

Бишкек ш.

Аламүдүн району

Жайыл району

Кемин району

Москва району

Панфилов району

Сокулук району

Ысык-Ата району

Чүй району

«БПКО» маркасындагы көмүрдүн наркы (КНС жана сатык салыгын эске алуу менен)

сом

3 021,0

3 021,0

3 021,0

3 021,0

3 021,0

3 021,0

3 021,0

3 021,0

3 021,0

Ташуу наркы

сом/тн.км

3 124,8

3 324,8

3 524,9

2 724,8

3 424,8

3 624,8

3 324,8

2 974,9

2 824,9

Отун базасынын чыгымдары

 

854,2

854,2

854,2

854,2

854,2

854,2

854,2

854,2

854,2

Калк үчүн көмүрдүн чекене баасы

сом

7 000,0

7 200,0

7 400,0

6 600,0

7 300,0

7 500,0

7 200,0

6 850,0

6 700,0