Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
18.08.2026 Маалымат борбору

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын «Кыргыз Агрохолдинг» ААК менен жумушчу жолугушуусу

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматында 2026-жылдын 12-августунда «Кыргыз Агрохолдинг» ААКтын өкүлү Эрмырза Давыдович Давыдов менен жумушчу жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун негизги темасы эт продукциясынын ички рыноктогу учурдагы абалды, бааларды түзүү маселелерин, ошондой эле ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүүнүн келечегин талкуулоо болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эт рыногундагы суроо-талап менен сунуштун тең салмактуулугун, продукциянын өздүк наркын жана акыркы баасын калыптандырууга таасир этүүчү негизги факторлорду, ошондой эле эт продукциясын өндүрүүнүн жана сатуунун учурдагы көлөмдөрүн карап чыгышты.

Учурда Бишкек шаарында «Кыргыз Агрохолдинг» ААКтын 10 соода түйүнү (фудтрак) натыйжалуу иштеп, калкка эт продукциясынын ар кандай түрлөрү жеткиликтүү сунушталууда. Тактап айтканда, сөөктүү эттин 1 килограммы 680 сомдон жеткиликтүү баада сатылууда. Иштеп жаткан соода түйүндөрүнүн ишмердүүлүгү калк үчүн эттин жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана продукцияны сатуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзүүдө.

Эттин жеткиликтүүлүгүн мындан ары жогорулатуу максатында компания Бишкек шаарында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймактарында 100гө чейин фудтрак соода түйүнүн этап-этабы менен ачууну пландаштырууда. Жаңы соода түйүндөрүнүн ачылышы керектөөчүлөрдүн кеңири катмарына сапаттуу этти жеткиликтүү баада сатып алууга шарт түзүп, ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукциясын сатуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет жана ички рынокто ак ниет атаандаштыктын өнүгүшүнө өбөлгө болот.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар маалыматтык өз ара аракеттенүүнү күчөтүү жана эт рыногундагы кырдаалга үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуу боюнча макулдашышты.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Айыл чарба министрлиги менен биргеликте берилген ыйгарым укуктарынын чегинде ички рынокту эт менен туруктуу камсыз кылуу боюнча системалуу ишти улантат. Өзгөчө көңүл өлкөдөгү баалардын абалына туруктуу мониторинг жүргүзүүгө, ата мекендик өндүрүүчүлөр менен өз ара аракеттенүүгө, ошондой эле калктын эт менен камсыз болушуна таасир эте турган жагдайларга ыкчам чара көрүүгө өзгөчө көңүл бурулат.

Сүрөт галереясы