Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
07.09.2026 Маалымат борбору

Кемин районунда малга жана эт азыктарына баанын түзүлүшүнө таасир эткен факторлор изилденди

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы А.А.Мамыралиевдин тапшырмасын аткаруу максатында Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Чүй облусунун Кемин районундагы Агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жана Кемин районунун ветеринардык кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте Чүй облусунун Кемин районунун аймагында жайгашкан мал базарларынын ишине мониторинг жүргүзүштү.

Жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында мал базарларындагы учурдагы абал изилденип, тирүү малга калыптанган баалардын деңгээлине талдоо жүргүзүлдү, ошондой эле аталган базарларда иш жүргүзгөн субъекттерден тиешелүү маалыматтар чогултулду.

Мониторингдин негизги милдети малга жана эт азыктарына баанын түзүлүшүнө таасир этүүчү факторлорду аныктоо, ошондой эле баалардын негизсиз жогорулашынын алдын алууга жана монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарынын сакталышын камсыз кылууга багытталган тиешелүү чараларды көрүү болуп саналды.

Мониторингдин жыйынтыгы боюнча баа абалы, ошондой эле малды жана этти сатуу шарттары тууралуу зарыл маалыматтар чогултулду. Алынган маалыматтар Кызматтын компетенциясынын чегинде андан ары талдоого жана баа берүүгө тийиш.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан баалардын негизсиз жогорулашынын мүмкүн болгон белгилерин аныктоо, монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын бузулушунун алдын алуу жана керектөөчүлөрдүн укуктарын, мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу максатында социалдык мааниге ээ товарларга баа абалына системалуу негизде мониторинг жүргүзүлүп келет.

Мал жана эт базарларындагы баа абалына мониторинг жүргүзүү жана талдоо иштери мындан ары да улантылат.

Сүрөт галереясы