Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
17.09.2026 Маалымат борбору

Ош шаарында чийки сүттүн сатып алуу баасын жөнгө салуу маселеси талкууланды

2026-жылдын 16-сентябрында Ош шаардык мэриясында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-декабрындагы № 724 «Чийки сүткө базалык бааларды белгилөө жөнүндө» токтомун аткаруу максатында туруктуу жумушчу топтун кезектеги жыйыны өттү. Жыйында алдыдагы кыш мезгилине карата чийки сүттүн сатып алуу баасын жөнгө салуу маселелери кеңири талкууланды. Иш-чарага шаардык кызматтардын, тиешелүү мамлекеттик органдардын жана сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын өкүлдөрү катышты. Жыйындын жүрүшүндө Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмү тарабынан керектүү сунуштар айтылды.

Сүрөт галереясы