Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
28.10.2026 Маалымат борбору

Кант шаарында эт жеткиликтүү баада сатылган муниципалдык дүкөн ачылды

Чүй облусунун Кант шаарында эт сатуу боюнча муниципалдык дүкөн ачылды, ал төмөнкү даректе жайгашкан: Кант шаары, Ленин көчөсү, 51/1, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имараты.

          Аталган эт дүкөнүн ачуунун максаты – калкты жеткиликтүү баада эт менен камсыз кылуу, ошондой эле эттин баасынын жогорулашына жол бербөө. Муниципалдык дүкөндө эттин килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Мындай эт сатуучу дүкөндөрдү ачуу боюнча иштер Чүй облусунун башка шаарларында жана райондук борборлорунда жүрүп жатат.

            Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан социалдык маанидеги товарлардын бааларына системалуу түрдө мониторинг жүргүзүлүп, анын алкагында баалардын негизсиз жогорулашынын мүмкүн болгон белгилерин аныктоо, монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзам бузуулардын алдын алуу, ошондой эле керектөөчүлөрдүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу максатында тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.           

             Мал жана эт базарларындагы баа кырдаалына мониторинг жүргүзүү, ошондой эле эттин бааларына талдоо жүргүзүү боюнча иштер улантылат.

Сүрөт галереясы