Ош облустук клиникалык ооруканасынын медициналык кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифтери макулдашылды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12- июнундагы Nº304 “Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө” токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы №637 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды (иштерди) көрсөтүү үчүн аеы төлөнүн өлчөмүн аныктоо” тартибинин негизинде, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн 2026- жылдын 20-майындагы №4/15 буйругу менен Ош облустук клиникалык ооруканасы тарабынан көрсөтүлүүчү медициналык кызмат көрсөтүүнүн (иштердин) тарифтеринин (баа) прейскуранты макулдашылды.