Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
02.10.2026 Маалымат борбору

Токмок шаарында көмүрдүн бааларына мониторинг жүргүзүлдү

           Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Токмок шаарында көмүрдүн бааларына мониторинг жүргүзүлдү.               Мониторингдин жүрүшүндө аталган объекттерде Кара-Кече жана Миң-Куш кендеринен казылып алынган көмүрдүн чекене баасы тоннасына 6 200 сомдон 6 500 сомго чейин экендиги, ошондой эле Шубаркөл кенинен казылып алынган көмүр да сатыкка коюлгандыгы аныкталды.                                                                                                                      Көмүр сатуучулар тарабынан берилген маалыматка ылайык, учурдагы жылытуу мезгилине карата көмүрдүн запасы жетиштүү көлөмдө бар. Мониторинг жүргүзүлгөн учурда калк арасында көмүргө болгон суроо-талаптын кескин өсүшү жана кезек күтүү учурлары байкалган жок.                                                                                                                                 Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан көмүр рыногундагы баалардын абалына системалуу негизде мониторинг жүргүзүлүп, баалардын негизсиз жогорулашынын мүмкүн болгон белгилерин аныктоо, монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын бузулушуна жол бербөө, ошондой эле керектөөчүлөрдүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.                        Көмүр рыногундагы баалардын абалына, ошондой эле калк үчүн көмүрдүн жеткиликтүүлүгүнө жана жетиштүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү жана талдоо иштери мындан ары да улантылат.

Сүрөт галереясы