Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
08.10.2026 Маалымат борбору

Ысык-Көл облусунда жана Бишкек шаарынын базарларында картошканын баасына мониторинг жүргүзүлдү

Ысык-Көл облусу Кыргызстандагы картошка өстүрүү боюнча негизги аймактардын бири болуп саналат. Картошка социалдык жактан маанилүү азык-түлүк товарларынын катарына кирет. Анын базардагы чекене баасы дүң сатуу баасына жана ортомчулардын санына жараша калыптанат.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан Ысык-Көл облусунда картошканын баасына, ошондой эле Бишкек шаарындагы ири базарларда, анын ичинде Аламүдүн, Орто-Сай жана «Ак-Эмир» базарларында чекене бааларга мониторинг жүргүзүлдү.

Ысык-Көл облусундагы картошканын баасы

Мониторингдин жыйынтыгында Ысык-Көл облусунда картошканын түздөн-түз талаадан сатылган баасы килограммына 12–15 сомду түзгөнү аныкталды.

Учурда картошканын түшүмү жыйналып бүтүп, дыйкандар аны сортуна жана түрүнө жараша килограммына 15–17 сомдон дүң баада сатууда.

Дыйкандардын айтымында, учурда алар кеткен чыгымдардын бир бөлүгүн жабуу максатында түшүмдүн белгилүү бир бөлүгүн гана сатышууда. Ал эми калган бөлүгү кийинчерээк сатуу үчүн жер төлөлөрдө сакталууда.

Базарлардын дүң соода катарларында картошка кап менен килограммына 20–25 сомдон сатылууда.

Ысык-Көл облусунда картошканын чекене баасы килограммына 30–40 сомду түзүүдө.

Бишкек шаарындагы базарларда картошканын баасы

Бишкек шаарындагы базарларда картошканын чекене баасы негизинен килограммына 35–45 сомду түзүүдө.

Аламүдүн базары

Аламүдүн базарында картошка сортуна жараша чекене түрдө килограммына 30–45 сомдон сатылууда.

Орто-Сай базары

Орто-Сай базарында картошка кап менен килограммына 30–35 сомдон сатылууда.

Соодагерлердин маалыматына ылайык, картошканын дыйкандардан сатып алуу баасы килограммына 24–25 сомду түзөт. Ал эми соода текчелеринде картошканын чекене баасы килограммына 40–45 сомду түзүүдө.

«Ак-Эмир» базары

«Ак-Эмир» базарында жашылчалардын төмөнкүдөй чекене баалары катталды:

  • Тандалма картошка — 50–60 сом/кг;
  • 5 килограммдык таңгактагы картошка — 35 сом/кг;
  • Пияз — 40–50 сом/кг;
  • Капуста — 50 сом/кг;
  • Сабиз — 60 сом/кг.

Мындан тышкары, «Ак-Эмир» базарына жакын жайгашкан жашылча саткан павильондордо картошка килограммына 40 сомдон сатылууда.