Манас шаарында эт азыктарынын бааларына мониторинг жүргүзүлдү
2026-жылдын 14-октябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан Манас шаарында эт азыктарынын бааларына мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторингдин жүрүшүндө соода түйүндөрүндөгү эт азыктарынын бааларына талдоо жүргүзүлүп, макулдашылган баалардын сакталышы текшерилди. Иш-чаранын алкагында ички рыноктогу баалардын учурдагы абалына көңүл бурулду.
Мониторингдин негизги максаты — ички рыноктогу баалардын абалына көзөмөл жүргүзүү, макулдашылган баалардын сакталышын камсыз кылуу жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо.
Мониторингдин жыйынтыгында тиешелүү маалыматтар топтолду. Баалардын туруктуулугун камсыз кылуу жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо багытындагы иштер белгиленген тартипте улантылат.