Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
13.11.2026 Маалымат борбору

Баткен шаарында көмүр сатуу түйүндөрүнө мониторинг жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн адистери, 2026- жылдын 12-ноябрында Баткен шаарында көмүр сатуу түйүндөрүнө мониторинг жүргүзүлдү. Мониторинг учурунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн 2026-жылдын 02-ноярындагы №21 буйругана ылайык Баткен облусунун аймагында калкка сатылуучу көмүрдүн чекене бааларынын максималдуу денгээли белгиленгендиги боюнча тааныштырылып, Кыргыз Республикасынын “Баалар жөнүндө”, “Атаандаштык жөнүндө”, “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамдарынын ченемдерин бузууга жол бербөө жана көиүр баасынын негизсиз өсүшүн алдын алуу максатында, сатуучулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Сүрөт галереясы