«Чүй водоканал» муниципалдык ишканасынын ичүүчү сууну жеткирүү кызматына тариф макулдашылды
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы №320 токтому менен бекитилген “Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды агызуу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди аныктоо тартибине” ылайык, «Чүй водоканал» муниципалдык ишканасы тарабынан көрсөтүлүүчү ичүүчү сууну жеткирүү кызматынын тарифин макулдашылды. Макулдашылган тариф ичүүчү сууну жеткирүү кызматы үчүн 1 куб метр (1000 литр) үчүн 10 сом 40 тыйын өлчөмүндө белгиленди.
Тарифти макулдашууда борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыз кылууга, ошондой эле алардын ишенимдүү жана туруктуу ишин сактоого зарыл болгон иш жүзүндөгү жана пландаштырылган чыгымдарды толук жабуу принциптери эске алынды.
Макулдашылган тарифтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй областык бөлүмү тарабынан Чүй районунун Чүй айылдык кеңешине бекитүү үчүн жөнөтүлдү. Чүй айылдык кеңеши жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы катары тиешелүү аймактагы тарифтерди бекитүү боюнча акыркы чечимди кабыл алат.