Социалдык жактан маанилүү товарларга жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы тууралуу
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлери менен биргеликте 2026-жылдын 28-апрелинде Лейлек районунун Кулунду айылында социалдык жактан маанилүү товарлардын баасына мониторинг жүргүзүштү.
Мониторингдин жыйынтыгы менен баалар төмөнкүчө:
1-сорттогу буудай уну (жерг.) 1 кг. 35,0- 36,0 сом;
Уй эти 1кг. 700,00 сом;
Күрүч (тазаланган) 1кг. 100,0 сом;
Кум шекер 1кг. 85,0-90,0 сом;
Тазаланган өсүмдүк күн карама майы 1л. 170,0 сом;
Картошка 1 кг. 55 сом;
Пияз 1 кг. 30-35 сом;
Сабиз 1 кг. 40 сомдон сатылып жатканы белгилүү болду.
Этке (уй жана кой эти, сулп этинен башкасы) болгон чекене бааларына мониторинг учурунда Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кулунду айылында К.М. атуу жеке ишкер 1 кг уй этини 750 сомдон саткан, мамлекет жөнө салган 670 сомдун ордуна, же 80 сомго коюлган баадан ашыкча саткандыгы аныкталган, жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Бузуулар Кодексинин 290-беренесине ылайык айып пул салынды.