Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
30.04.2026 Маалымат борбору

Кара-Суу шаарында социалдык маанилүү товарлардын бааларына жана коомдук тамактануу объекттерине мониторинг жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, 2026-жылдын 28-апрелинде Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарынын борбордук базарында сатылып жаткан социалдык маанилүү товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүлдү. 

Мониторингдин жүрүшүндө сатуучуларга, социалдык маанилүү товарлардын бааларын негизсиз жогорулатпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, сатылып жаткан товарлардын баалары улуттук валютада керектөөчүлөр үчүн көрүнүктүү жерлерге илинип туруусу керектиги боюнча маалыматтар берилди. Ошону менен бирге, сатуучуларга социалдык маанилүү товарларды алып-сатууда жасалма жол менен товарлардын жетишсиздигин пайда кылуудан алыс болуп, соода-сатык иштерин ак ниет атаандаштык жолу менен жүргүзүү керектиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 

 Сатуучулардын айтымында, социалдык маанилүү товарлардын баалары азыркы учурда туруктуу экендигин жана социалдык маанилүү товарлардын кору жетиштүү көлөмдө бар экендигин билдиришти. 

 Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-октябрындагы №663 токтомуна ылайык, Ош облусунун 

Кара-Суу районунун Кара-Суу шарынын аймагында жайгашкан кафе, ресторандардын, тамактануучу жайлардын жана коомдук тамак-аш объекттеринин тейлөө, тамак берүү, сервировкалоо же башка иш-аракеттери үчүн акы алуусуна жол берилбей тургандыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Кафе-ресторандарга, коомдук тамактануучу жайларга жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында, тамактануу үчүн келген коноктордон атайын тейлөө үчүн кошумча акылар алынбай тургандыгы аныкталды.