“Атаандаштык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясы тууралуу
2026-жылдын 21-майында Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жаңы редакциясындагы “Атаандаштык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койюлду.
Мыйзамда бир катар жаңы ченемдер каралган, анын ичинде:
“сатып алуучунун компенсациялоочу күчү”, “санарип платформалар”, “тармактык таасир” деген түшүнүктөр киргизилген жана 6-беренеде сатуучулардын жана сатып алуучулардын ортосунда бүтүмдөр санариптик платформаны пайдалануу аркылуу жүргүзүлгөн товардык рыноктогу (товардык рыноктордогу) атаандаштыктын абалына талдоо жүргүзүүдө монополияга каршы органдын аракети киргизилген;
товардык рынокто үстөмдүк абалды ээлеген чарбакер субъекттердин мамлекеттик реестрин түзүү жокко чыгарылды;
3) монополияга каршы мыйзамдын талаптарына шайкештикти ички камсыз кылуу системасы же монополияга каршы комплаенс киргизилди, бул монополияга каршы мыйзамдын бузулуу тобокелдигинин төмөндөшүнө жана анын натыйжасы катары чарбакер субъект үчүн терс (айыптарды өндүрүү, жоопкерчиликке тартуу ж.б.) кесепеттердин келип чыгуу тобокелдигинин төмөндөшүнө алып келет. Мында мыйзам чарбакер субъект тарабынан комплаенсти ыктыярдуу уюштуруу укугун карайт;
Мындан тышкары, үстөмдүк абалды кыянаттык менен пайдалануу жана атаандаштыкты чектеген чарбакер субъекттердин макулдашууларына, макулдашылган аракеттерине тыюу салуу беренелерине тактоочу жана конкреттештирүүчү өзгөртүүлөр киргизилди.
Ошондой эле тыюу салынган макулдашууларга же макулдашылган иш-аракеттерге катышкандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотуу жана жеңилдетүү каралган, эгерде чарбакер субъект монополияга каршы органга өз ыктыяры менен тыюу салынган макулдашууну, макулдашылган иш-аракеттерди түзгөндүгү жөнүндө билдирсе жана териштирүүгө көмөк көрсөтсө, үстөмдүк абалды кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн да жоопкерчиликтен бошотулат эгерде чарбакер субъект монополияга каршы комплаенсти ишке ашырса жана териштирүүнү жүргүзүүдө монополияга каршы орган менен кызматташса.