Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
10.03.2026 Маалымат борбору

Кызматта ЖАК «Кока-Кола Бишкек Боттлерс» компаниясынын өкүлү Галин Гоксель менен жолугушуу өттү

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Айбек Мамыралиев менен «Кока-Кола Бишкек Боттлерс» ААКнын башкы директору Галин Гоксель менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү комитетинде Кыргыз Республикасынын «Атаандаштык тууралуу» мыйзам долбоору каралуусу учурунда көтөрүлгөн маселе талкууланды.

«Кока-Кола Бишкек Боттлерс» ААКнын өкүлү компаниянын түзгөн келишимдеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген шарттар жок экенин жана бардык мыйзам талаптарынын сакталганын тастыктады. Компания өзүнүн жеткирүүлөрүн жана дистрибьюторлор аркылуу жеткирүүлөрдү жүзөгө ашырат. Мындан тышкары, компания антимонополдук комплаенс системасын киргизген жана кызматкерлер менен дистрибьюторлор үчүн мыйзам бузулбоосу максатында туруктуу окутуучу семинарларды өткөрүп келет.

Төрага Айбек Мамыралиев атаандаштыкты коргоо жана маалыматтык иштердин алкагында атаандаштык мыйзамдарын бузуу учурунда кандай жоопкерчилик каралгандыгы боюнча түшүндүрмө берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын атаандаштык, бааны белгилөө, ички соода жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча мыйзамдарын так сактоо зарылдыгын белгилешти.

Өз кезегинде, «Кока-Кола Бишкек Боттлерс» ААК белгилүү фактылар болсо, компаниянын иш-аракеттерин мыйзам талаптарына ылайык келтирүүгө бардык күчүн жумшай тургандыгын тастыктады, анткени компания өлкөдө узак мөөнөттүү жана ири инвестор катары иш алып барат.