Тоок жумурткасынын баасын турукташтыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы (мындан ары – Кызмат) тоок жумурткасы рыногундагы кырдаалды турукташтыруу жана баалардын негизсиз өсүшүнө жол бербөө максатында 2026-жылдын 9-мартында жана 11-мартында жыйын өткөрдү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Канаттуулар өстүрүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрү, «Умай Групп» ЖЧКсы, «Азия Ритейл» ЖАКы, «Борсок Инвест» ЖЧКсы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өкүлдөрү катышты.
Жыйындын катышуучулары учурда тоок жумурткасынын жеткирүүлөрү азайганын белгилешти. Бул жумуртка тууй турган тоокторду жаңылоо зарылдыгына, ошондой эле пландуу эмдөө иштерине байланыштуу. Эмдөө жүргүзүлгөн мезгилде тооктордун жумуртка берүү көрсөткүчү кеминде 30 күнгө чейин төмөндөйт, бул өндүрүш көлөмүнүн кыскарышына алып келет. Мындан тышкары, сезондук фактор да таасир этүүдө.
Тоок жумурткасынын баасынын өсүшү канаттуулар фабрикалары тарабынан дүң сатуу бааларынын бир мезгилде жогорулатылышына байланыштуу болду.
Дүң сатуу бааларынын жогорулашынын негизги себептери – тоюттун кымбатташы, логистикалык чыгымдардын көбөйүшү, таңгактоочу материалдардын кымбатташы, ошондой эле республикадагы базарларда ортомчулардын (майда дүң соода чынжырынын) болушу болуп саналат.
Кызмат тарабынан Кыргыз Республикасынын «Атаандаштык жөнүндө» мыйзамынын 18-1-беренесинин негизинде Кыргыз Республикасынын Канаттуулар өстүрүүчүлөр ассоциациясына атаандаштыкты чектөөгө, жол бербөөгө же жоюуга алып келиши мүмкүн болгон аракеттерди жасоого жол берилбестиги тууралуу эскертүү жөнөтүлдү.
Ошондой эле Ассоциацияга өз мүчөлөрү жана ортомчулар менен тиешелүү иштерди жүргүзүү, баа саясатын кайра карап чыгуу жана рынокто тоок жумурткасынын баасын түзүүдө ачык-айкындуулукту камсыз кылуу сунушталды. Жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалыматты Кызматка берүү тапшырылды.