Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
17.03.2026 Маалымат борбору

Жумуртканын баасын турукташтыруу боюнча чаралар

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан тоок жумурткасынын рыногундагы абалды турукташтыруу максатында 2026-жылдын 11-мартында Кыргыз Республикасынын Канаттуулар өстүрүүчүлөр ассоциациясына жана анын мүчөлөрүнө, ошондой эле баа саясатын кайра карап чыгуу тууралуу монополияга каршы мыйзамдарды бузууга алып келиши мүмкүн болгон аракеттерге жол бербөө боюнча эскертүү берилди.

Кызмат тарабынан тоок жумурткасынын чекене базар бааларына мониторинг жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында Бишкек шаарынын базарларында жана соода объекттеринде жумуртканын баасы төмөндөгөнү аныкталды.

Мониторингдин жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарынын базарларында жумуртканын баалары төмөндөп, төмөнкүдөй деңгээлде түзүлдү:

Аламүдүн базары: 10 даана үчүн минималдуу баа — 115 сом, максималдуу — 155 сом, орточо — 135 сом.
Ош базары: минималдуу — 100 сом, максималдуу — 160 сом, орточо — 130 сом.
Орто-Сай базары: минималдуу — 100 сом, максималдуу — 165 сом, орточо — 132,5 сом.
«Эски аянт» жарманкеси: минималдуу — 110 сом, максималдуу — 130 сом, орточо — 120 сом.

Бишкек шаарынын соода түйүндөрүндө тоок жумурткасынын чекене баалары продукциянын категориясына, өндүрүүчүсүнө жана соода түйүнүнүн жайгашкан жерине жараша 10 даана үчүн 110 сомдон 150 сомго чейин өзгөрөт. Тактап айтканда:

«Globus»: минималдуу — 115 сом, максималдуу — 150 сом, орточо — 132,5 сом.
«Азия»: минималдуу — 119 сом, максималдуу — 146 сом, орточо — 132,5 сом.
«Алма»: минималдуу — 110 сом, максималдуу — 155 сом, орточо — 132,5 сом.
«Достор»: минималдуу — 120 сом, максималдуу — 132 сом, орточо — 126 сом.

Бишкек шаарынын ар кайсы райондорунда жайгашкан башка ири жана чакан соода объекттеринде жумуртканын чекене баасы орточо эсеп менен 10 даана үчүн 110 сомдон 160 сомго чейин түзөт.

Жалпысынан алганда, баанын төмөндөшү бир даана үчүн 1 сомдон 3 сомго чейин болду.

Белгилей кетсек, жумуртканын баасын турукташтыруу боюнча иштердин алкагында Кызмат тарабынан соода түйүндөрүнүн жана канаттуулар фабрикаларынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуулар жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Өз ара аракеттенүүнүн жүрүшүндө тараптар негизсиз баа жогорулатууларга жол бербөө, рынокто жетиштүү көлөмдө продукция камсыз кылуу жана ак ниет атаандаштык принциптерин сактоо боюнча макулдашууларга жетишти.

Кызмат баа абалындагы мүмкүн болгон өзгөрүүлөрдү өз убагында аныктоо жана тиешелүү чараларды көрүү максатында тоок жумурткасы рыногундагы баа абалын туруктуу негизде мониторинг жүргүзүүнү улантат.