Электр кубаттоочу инфраструктура рыногунда атаандаштыкты өнүктүрүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы электр кубаттоочу станциялар рыногунун катышуучуларынын кайрылуусуна байланыштуу төмөнкүлөрдү белгилейт: учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тапшырмасын аткаруунун алкагында электр кубаттоочу станциялар кызматтарынын товардык рыногуна талдоо жүргүзүлүүдө.
Бул талдоонун негизги максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:
* рыноктогу атаандаштык деңгээлин баалоо;
* рынокко кирүүдө мүмкүн болгон тоскоолдуктарды аныктоо;
* тарифтик түзүмдү жана алардын экономикалык негиздүүлүгүн талдоо;
* адилетсиз атаандаштык тобокелдиктеринин алдын алуу.
Жаңы электр кубаттоочу инфраструктура объекттерин электр тармактарына туташтыруу үчүн техникалык шарттарды берүүнү убактылуу токтотуу, ошондой эле муниципалдык жерлерде электр кубаттоочу станцияларды орнотуу үчүн архитектуралык-техникалык корутундуларды берүүнү токтотуу маселесине байланыштуу белгилей кетсек, рынокту талдоонун алкагында, тескерисинче, Кызмат тарабынан атаандаштыкты чектеши мүмкүн болгон административдик жана инфраструктуралык тоскоолдуктардын бар-жогу бааланууда. Мунун негизинде мындай тоскоолдуктарды жоюу боюнча сунуштар иштелип чыгат.
Рынокту монополиялаштыруунун алдын алуу Кызматтын негизги милдеттеринин бири болуп саналат. Рыноктун айрым катышуучуларына артыкчылык берүүгө алып келиши мүмкүн болгон бардык ченемдик-укуктук актылар монополияга каршы мыйзамдарга шайкештиги боюнча милдеттүү түрдө талдоого алынат. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги демилгелеген Министрлер Кабинетинин токтом долбоору боюнча Кызмат тарабынан терс корутунду берилген.
Ошентип, Кызмат тарабынан көрүлүп жаткан бардык чаралар атаандаштык чөйрөнү өнүктүрүүгө жана керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоого гана багытталган.