Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
18.03.2026 Маалымат борбору

Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча түшүндүрүү иштери уланууда

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине
караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы
А.А. Мамыралиевдин буйругу менен 2025-жылдын 1-мартынан 31-мартына чейин,
Буткул дуйнөлүк керектөөчүлордүн укуктарын коргоо күнүнө карата айлык өткөрүү
боюнча иш-чаралардын планы бекитилген.
Аталган иш-чараларды аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын
Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө
салуу кызматынын Ош облустук бөлүмү тарабынан Кара-Суу райондук
стоматологиялык поликлиникасынын кызматкерлерине "Бүткүл дүйнөлүк
керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө" карата керектөөчүлөрдүн укуктары
жөнүндө жана сатуучулардын,кызмат көрсөтүүчүлөрдүн, өндүрүүчүлөрдүн
жопкерчилиги деген темада семинар өткөрүлдү.
Семинарда Бүткүл дуйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо
күнүнүн тарыхы жана качан кабыл алынган таржымалы боюнча кеңири
маалыматтар айтылды.
Кара-Суу райондук стоматологиялык поликлиникасынын кызматкерлеринин
арасында эң кызыктырган суроолор,төмөнкүлөр болду:
-сатып алынган сапатсыз товарларды кайтарып берүүдөгү талаш-тартыш маселелер;
-базарларда жана кичи соода түйүндөрүндө сатып алынган товарлар жана азыктүлүктөр үчүн кассалык чектин жоктугу;
-керектөөчүлөр үчүн маалыматтын жетишсиздиги.

Сүрөт галереясы