Талас агрардык экономикалык колледжинде өткөрүлгөн иш-чара
Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата бир айлык иш-чара өткөрүү” планынын алкагында Талас агрардык экономикалык колледжинде иш-чара өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн 2026-жылдын 1-мартынан 31-мартына чейин өткөрүлүүчү “Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата бир айлык” иш чараларды өткөрүү планынын негизинде Бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан 2026-жылдын 23-мартында Талас агрардык экономикалык колледжинин студенттеринин жана мугалимдеринин катышуусунда иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чара аталган билим берүү мекемесинин жыйындар залында уюштурулуп, ага студенттер өзгөчө кызыгуу менен активдүү катышышты. Жолугушуунун жүрүшүндө атайын даярдалган презентациялык материал жана видеороликтер интерактивдик тактанын жардамында көрсөтүлүп, Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамы кеңири түшүндүрүлдү.
Ошондой эле керектөөчүлөрдүн укуктары бузулган учурларда колдонулуучу чаралар, анын ичинде Укук бузуулар жөнүндө кодекс боюнча каралган жоопкерчиликтер жана айып пулдар тууралуу да кеңири маалымат берилди.
Иш-чаранын соңунда катышуучулар тарабынан берилген суроолорго адистер жооп беришип, жандуу пикир алмашуу жүргүзүлдү. Мындай жолугушуу студенттердин укуктук сабаттуулугун жогорулатууга, алардын керектөөчү катары өз укуктарын билүүсүнө жана коргой алуусуна өбөлгө түзөт.