Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
24.03.2026 Маалымат борбору

Коопсуз товар — ишенимдүү керектөөчү

15-мартта дүйнөлүк коомчулук Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо

күнүн белгиледи. 2026-жылы иш-чаралар «Интернетте өз үйүңдөгүдөй бол: укугуңду бил, аң-сезимдүү сатып ал» (ЕАЭБ алкагында) жана «Коопсуз товарлар, ишенимдүү керектөөчүлөр» аттуу эл аралык урандар астында өтүүдө.

        КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы  жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмү 1-марттан 31-мартка чейин созулган бекитилген иш-чаралар планын жигердүү ишке ашырды.

         Ош шаары боюнча бөлүмдүн негизги иш-чаралары жана жыйынтыктары:

  • Агартуу иштери жана семинарлар:

    • Бөлүмдүн адистери аймактагы мамлекеттик мекемелердин жана саламаттыкты сактоо уюмдарынын кызматкерлери үчүн бир катар окутуу лекцияларын жана семинарларын өткөрүштү.

    • Алсак, Ош медициналык колледжинин кызматкерлери жана студенттери үчүн семинарлар уюштурулду. Негизги темалар керектөөчүлөрдүн укуктары жана кызмат көрсөтүүчүлөрдүн жоопкерчилиги болду.

  • Мыйзамдардын сакталышына мониторинг жүргүзүү:

    • 2026-жылдын 9-мартында Бөлүмдүн кызматкерлери Ош шаарындагы соода түйүндөрүнө жана тейлөө объекттерине мониторинг жүргүзүштү.

    • Иш тартибинин, прейскуранттардын (баа баракчаларынын) болушу, ошондой эле накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу талаптарынын сакталышы текшерилди.

  • Маалыматтык өнөктүк:

    • Айлыктын алкагында шаардагы жогорку окуу жайларда жана мектептерде «Керектөөчү, өз укугуңду бил» деген темада викториналар жана тегерек столдор өткөрүлүүдө.

    • Шаар тургундарына сапаты төмөн товарларды алмаштыруу жана кайтаруу, ошондой эле тиричилик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапаты боюнча консультациялар берилүүдө.