Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
24.03.2026 Маалымат борбору

Баткен облусунда дары каражаттарынын баасына мониторинг жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттарын жана медициналык буюмдар департаментинин, Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык фондунун, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2026-жылдын 23-февралындагы “Дары каражаттарын мониторинг жүргүзүү жөнүндө” биргелешкен буйруктарынын негизинде, 2026-жылдын дары каражаттарына мониторинг жүргүзүү план-графигине ылайык Баткен облусундагы дарыканаларга мониторинг жүргүзүлдү. Мониторинг учурунда аныкталгандай дарыканалардын көпчүлүгү мамлекет тарабынан чектоо коюлган баалар боюнча түшүнүгү жок болгон. Ошондуктан монитиоринг учурунда дарыкана кызматкерлерине жалпы түшүндүрмөлөр берилип, Кыргыз Республикасынын “Баалар жөнүндө”, “Атаандаштык жөнүндө”, “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамдарынын ченемдерин бузууга жол бербөө жана дарылардын баасынын негизсиз өсүшүн алдын алуу максатында дары сатуучулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Сүрөт галереясы