Ноокат районунда керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча семинар өткөрүлдү
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы А.А.Мамыралиевдин буйругу менен 2026-жылдын 1-мартынан 31-мартына чейин, Буткул дуйнөлүк керектөөчүлордүн укуктарын коргоо күнүнө карата айлык өткөрүү боюнча иш-чаралардын планы бекитилген. Аталган иш-чараларды аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмү тарабынан Ноокат райондук үй-бүлөлүк медициналык борборунун кызматкерлерине "Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө" карата керектөөчүлөрдүн укуктары жөнүндө жана сатуучулардын,кызмат көрсөтүүчүлөрдүн, өндүрүүчүлөрдүн жопкерчилиги деген темада семинар өткөрүлдү. Семинарда Бүткүл дуйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнүн тарыхы жана качан кабыл алынган таржымалы боюнча кеңири маалыматтар айтылды. Ноокат райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлеринин арасында эң кызыктырган суроолор төмөнкүлөр болду: -сатып алынган сапатсыз товарларды кайтарып берүүдөгү талаш-тартыш маселелер; -базарларда жана кичи соода түйүндөрүндө сатып алынган товарлар жана азык-түлүктөр үчүн кассалык чектин жоктугу; -керектөөчүлөр үчүн маалыматтын жетишсиздиги. Ошондой эле, Бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Мыйзамынын талаптарынын сакталышы боюнча мониторинг жүргүзүлдү.