27.03.2026
Маалымат борбору
Токмок шаарында Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнүн алкагында студенттер үчүн лекция өткөрүлдү
Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча дүйнөлүк күндүн алкагында Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Чүй райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте Токмок шаарындагы академик Х. А. Рахматулин атындагы филиалда студенттер үчүн маалыматтык-түшүндүрүү лекциясын өткөрүштү.
Бул иш-чаранын максаты керектөөчүлөрдүн укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, жарандарды алардын укуктары тууралуу маалымдоо жана аларды коргоо механизмдерин түшүндүрүү болуп саналат.