КММ рыногундагы бааларга жүргүзүлгөн талдоо тууралуу маалымат
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы (мындан ары – Кызмат) күйүүчү-майлоочу материалдар (КММ) рыногундагы кырдаал боюнча төмөнкүлөрдү маалымдайт.
Учурда ири компаниялардын май куюучу бекеттериндеги КММ рыногундагы баа жагдайы төмөнкүдөй түзүлдү:
№ | Аталышы | 30.12.2025 | 27.03.2026 | айырмасы |
1 | «Мунай Пром» ЖЧКсы | |||
Аи-92 | 76,4 | 73,4 | 3,0 | |
Аи-95 | 81,4 | 79,4 | 2,0 | |
Д/т | 80,8 | 78,8 | 2,0 | |
2 | «Шнос» ЖЧКсы (Бишкекпетролеум) | |||
Аи-92 | 75,9 | 73,4 | 2,5 | |
Аи-95 | 81,4 | 79,4 | 2,0 | |
Д/т | 80,9 | 79,9 | 1,0 | |
3 | «РН-Кыргызнефтепродукт» ЖАК (Роснефть) | |||
| Аи-92 | 76,4 | 74,4 | 2,0 |
| Аи-95 | 81,4 | 79,4 | 2,0 |
| Д/т | 80,8 | 78,8 | 2,0 |
4 | «Партнер нефть» ЖЧКсы | |||
| Аи-92 | 75,4 | 74,4 | 1,0 |
| Аи-95 | 81,4 | 80,4 | 1,0 |
| Д/т | 80,9 | 79,9 | 1,0 |
5 | «Альфа Ойл» ЖЧКсы | |||
| Аи-92 | 75,3 | 73,8 | 1,5 |
| Аи-95 | 81,3 | 79,8 | 1,5 |
| Д/т | 80,8 | 79,3 | 1,5 |
Таблицада көрсөтүлгөн маалыматтардан көрүнүп тургандай, Кыргызстандын Россиядагы мунайды кайра иштетүүчү заводдордун бааларына көз карандылыгына жана Россияда мунай продуктуларынын бааларынын өсүшүнө карабастан, 2026-жылдын башына салыштырмалуу ички рыноктогу баа жагдайы туруктуу бойдон калууда. Январь айынан март айына чейин баалар 1 литрине 3 сомго чейин төмөндөгөндөн кийин акырындык менен өсүү башталды.
КММ бааларынын жаз мезгилиндеги жогорулашы жыл сайын кайталанып турат. Бул Россияда жазгы талаа иштеринин башталышы менен байланыштуу, анткени КММнын негизги көлөмү ошол өлкөдөн жеткирилет. Россиядагы сезондук баа өсүшүнө кошумча геосаясий кырдаалга байланышкан фактор да таасир этет.
Ошол эле учурда, башка өлкөлөр менен салыштырганда Кыргызстандагы баалар кыйла төмөн бойдон калууда. Тактап айтканда, баалар Армения, Тажикстан жана Өзбекстанга салыштырмалуу төмөн, Беларусь менен салыштырмалуу деңгээлде жана ал тургай негизги жеткирүүчү өлкө болгон Россия Федерациясындагы баалар менен да салыштырууга болот (Кыргызстанга индикативдик баланс алкагында бажы алымсыз ташылып келүүсүнө карабастан). Бул жагдай логистика жана салык салуу системаларындагы айырмачылыктар менен түшүндүрүлөт. Төмөндө 2026-жылдын 27-мартына карата маалыматтар келтирилген.
1 литрине сом менен эсептегенде
| Кыргызстан | Казахстан | Россия | Беларусь | Армения | Таджикистан | Узбекистан |
Аи-92 | 74,7 | 43,4 | 68,4 | 73,0 | 111,0 | 92,8 | 80,6 |
Аи-95 | 80,2 | 57,9 | 72,1 | 75,9 | 115,6 | 96,5 | 93,6 |
Дт | 79,7 | 60,8 | 83,0 | 75,9 | 115,6 | 100,1 | 92,2 |
СУГ | 40,2 | 20,3 | 34,3 | 39,1 | 44,0 | 62,8 | - |
Кызмат тарабынан КММ рыногундагы иштер республикадагы мунай трейдерлер, Мунай трейдерлер ассоциациясы жана Ишкерлер альянсы менен тыгыз кызматташтыкта жүргүзүлүүдө. Жумушчу жолугушуулар жана кеңешмелер өткөрүлүп, маалымат алмашуу жүрүп, мүмкүн болгон кризистик кырдаалдарды жөнгө салуу, баалардын кескин өсүшүнө жана мунай продуктуларынын тартыштыгына жол бербөө боюнча биргелешкен чаралар иштелип чыгууда. Баа жагдайы туруктуу негизде көзөмөлдөнүп, талданып турат.
Белгилей кетсек, мунай трейдерлердин кирешелүүлүк деңгээли жогору эмес жана орточо эсеп менен 1 литрине 1 сомдун чегинде түзүлөт. Кырдаал Кызмат тарабынан туруктуу көзөмөлдө турат.
Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында тышкы факторлордун таасирин жумшартуу боюнча сунуштар иштелип чыгууда. Баалар өсүп кеткен учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин деңгээлинде төмөнкү маселелер каралууда:
- Россиядагы мунайды кайра иштетүүчү заводдор менен жыл аягына чейин бааларды туруктуу кармоо боюнча жогорку деңгээлде макулдашууга жетишүү;
- убактылуу чара катары Россия Федерациясынан КММ алып келген субъекттер үчүн салык жүгүн (акциз, КНС) төмөндөтүү же алып салуу мүмкүнчүлүгүн кароо;
- тармакты субсидиялоо программаларын киргизүү;
- жеңилдетилген кредит берүү, башкача айтканда рыноктун катышуучуларына жүгүртүү каражаттарын көбөйтүү жана төмөн баада керектүү запастарды түзүү үчүн жеңилдетилген кредиттик каражаттарды берүү.
Жогоруда көрсөтүлгөн чараларды комплекстүү колдонуу ички рыноктогу баа термелүүлөрүн жөнгө салууга жана учурдагы геосаясий кырдаалда баалардын туруктуулугун камсыз кылууга мүмкүндүк берет.