Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
01.04.2026 Маалымат борбору

«Орто-Сай» базарындагы мониторингдин жыйынтыгында мыйзам бузуулар аныкталып, айып пулдар салынды

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын кызматкерлери 2026-жылдын 1-апрелинде Бишкек шаарындагы «Орто-Сай» базарынын аймагында социалдык маанидеги азык-түлүк товарларынын бааларына мониторинг жүргүзүштү.

Мониторингге ошондой эле Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын аймактык бөлүмүнүн башчысы катышып, жеринде баа кырдаалы, мониторингдин жүрүшү жана социалдык маанидеги азык-түлүк товарларына баа түзүү тартибинин сакталышы менен таанышты.

Мониторингдин жүрүшүндө калк үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон негизги азык-түлүк товарларына баа түзүү тартибинин сакталышына көзөмөл жүргүзүлдү.

Жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында социалдык маанидеги товарларга баа түзүү тартибин сактоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактылары аныкталды. Укук бузуучуларга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлүп, айып пулдар салынды.

Мындан тышкары, мониторингдин жүрүшүндө соода субъектилерине баа түзүү, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана социалдык маанидеги азык-түлүк товарларынын бааларын негизсиз жогорулатууга жол бербөө жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо жана керектөө рыногунда баалардын туруктуу абалын камсыз кылуу максатында социалдык маанидеги товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүү иштерин мындан ары да улантат.

Сүрөт галереясы