Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
03.04.2026 Маалымат борбору

Ош шаарында социалдык маанидеги товарлар жана КММ боюнча күн сайын мониторинг жүргүзүлүүдө

     Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмү.

      Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Э.А. Акунбековдун тапшырмасын аткаруу максатында (2026-жылдын 27-мартындагы № 117 Протокол), Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн адистери шаардын базарларында жана соода түйүндөрүндө социалдык маанилүү товарлардын жана күйүүчү-майлоочу материалдардын (КММ) бааларына күн сайын мониторинг жүргүзүүдө.

      Товарлардын баасынын өзгөрүү себептерине талдоо жүргүзүлүүдө (эгерде мындай көрүнүштөр байкалса). Социалдык маанилүү товарлардын тизмесине өзгөчө көңүл бурулууда. Бөлүмдүн адистери баалардын негизсиз жогорулатуу фактыларын болтурбоо үчүн баа деңгээлине көзөмөл жүргүзүп жатышат.

       Сатуучулардын арасында соода эрежелерин так сактоо зарылчылыгы боюнча активдүү түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Адистер ишкерлерге эсептешүүлөрдүн ачыктыгын камсыз кылуу үчүн актуалдуу баа кагаздарын (ценниктерди) сатып алуучуларга көрүнүктүү жерге жайгаштыруу милдеттүү экендигин эскертишүүдө.

       Бул чаралар азык-түлүк коопсуздугун колдоого багытталган. Иштер Ош шаарынын мэриясы жана башка мамлекеттик органдар менен тыгыз өз ара аракеттенүүдө жүргүзүлүүдө.

Сүрөт галереясы