Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
07.04.2026 Маалымат борбору

ЖЧК «Чайна Петроль Компани «Джунда» өкүлү менен жумушчу жолугушуу өткөрүлдү

2026-жылдын 7-апрелинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын (мындан ары - Кызмат) аянтчасында Чайна Петроль Компани Джунда” ЖЧКнын мунай иштетүүчү заводунун өкүлү менен жумушчу жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө заводдун иштешине жана мунай продуктулары рыногундагы учурдагы абалга байланыштуу негизги маселелер талкууланды. Негизги көңүл мунай продуктуларына баа түзүү маселелерине, алардын өндүрүш көлөмдөрүнө, ошондой эле даяр продукциянын жеткиликтүүлүгүнө бурулду. Заводдун өкүлү учурдагы өндүрүштүк кубаттуулуктар жөнүндө кеңири айтып берип, ошондой эле ишкананы модернизациялоонун жыйынтыгында аларды кеңейтүү пландары тууралуу маалымат берди.

“Чайна Петроль Компани “Джунда” ЖЧКсы Кыргыз Республикасынын товар рынокторундагы үстөмдүк абалды ээлеген чарбакер субъекттердин мамлекеттик реестрине киргизилгендигин белгилей кетүү керек.

Мындан тышкары, заводду модернизациялоону аяктоо 2026-жылдын күзүндө пландалганы белгиленди. Жабдуулар жана технологиялык линиялар жаңылангандан кийин завод өндүрүштүк кубаттуулуктарын олуттуу түрдө жогорулатып, мунай чийки затын кайра иштетүүнүн натыйжалуулугун арттыра алат. Модернизациянын маанилүү аспектилеринин бири - мурдагы класстагы мунайды өндүрүүдөн эл аралык сапат стандарттарына толук жооп берген К4 жана К5 класстагы продукцияны чыгарууга өтүү болуп саналат. Бул чыгарылган мунай продуктуларынын сапатын жакшыртууга жана аларды заманбап экологиялык жана техникалык талаптарга ылайык келтирүүгө мүмкүндүк берет.

Жумушчу жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндө” мыйзамынын алкагында биргелешкен ишти улантуу тууралуу макулдашышты. Мунай продуктулары рыногунун абалы, баа тенденциялары жана өндүрүш көлөмдөрү тууралуу маалыматтарды үзгүлтүксүз жана системалуу түрдө алмашып туруу чечими кабыл алынды. Бул Кызматка өз убагында ишенимдүү маалыматтарды алып, рыноктун ачыктыгын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө мүмкүндүк берет.

Сүрөт галереясы