Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
07.04.2026 Маалымат борбору

Кыргызстандын нефтетрейдерлерине карата Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын бузуу фактыларын жоюу жөнүндө эскертүүлөр берилди

Калк үчүн мунай продуктыларын сатуу рыногунда кызматташтык жөнүндө кол коюлган макулдашуунун алкагында, Кыргыз Республикасынын нефтетрейдерлерине («Кыргызстан нефтетрейдейлери ассоциациясы» ЮЖБ, «Ишкерлер Альянсы» ЮЖБ, ошондой эле «ШНОС» ЖЧК, «Альфа Ойл» ЖЧК, «Мунай Пром» ЖЧК, «Партнер нефть» ЖЧК жана «РН-Кыргызнефтепродукт» ЖАК) төмөнкүлөр жөнөтүлгөн:

- Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндө” мыйзамынын 18-1-беренесинин негизинде атаандаштыкка каршы мыйзамдарды бузууга алып келиши мүмкүн болгон аракеттерди жасоого жол бербөө тууралуу эскертүүлөр;

- күйүүчү-майлоочу материалдардын (КММ) баасын жогорулатуу күтүлүп жаткан учурда бул тууралуу 3 күн мурда Кызматка алдын ала билдирүү зарылдыгы жөнүндө кат-эскертмелер.

Нефтетрейдерлер тарабынан мурда жөнөтүлгөн эскертүүлөрдүн талаптары аткарылбай жаткандыгына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын (мындан ары - Кызмат) күйүүчү-майлоочу материалдардын (КММ) баасын жогорулатуу күтүлүп жаткандыгы тууралуу бир жума мурда кабарлоо мөөнөттөрү сакталбагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндө” мыйзамынын 19-беренесинин жана калк үчүн мунай продуктыларын сатуу рыногунда кызматташуу жөнүндө Макулдашуунун негизинде, Кызмат тарабынан Кыргызстандагы нефтетрейдерлерге карата Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын бузуу фактыларын жоюу жөнүндө эскертүүлөр берилди.