Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
09.04.2026 Маалымат борбору

Кара-Сууда чийки сүттүн сатып алуу баасын аныктоо маселеси талкууланып, социалдык маанилүү товарлардын баасына мониторинг жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары С.Ш.Кокошеровдун катышуусунда, 2026-жылдын 8-апрелинде Ош облусунун Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-декабрындагы №724 токтому менен бекитилген “Чийки сүткө базалык бааны белгилөө тартибине” ылайык, Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагында жайгашкан “Жети-Баатыр” жоопкерчилиги чектелген коомунун жана “Ырыс” сүттү кайра иштетүүчү цехтин жайкы мезгилге карата чийки сүттү сатып алуу баасын аныктоо боюнча түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топ менен биргеликте жыйын өткөрүлдү. Жыйынга Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси, Кара-Суу райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы, Кара-Суу райондук ветеринардык башкармалыгынын башчысы, “Жети-Баатыр” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси, “Ырыс” сүттү кайра иштетүүчү цехтин жетекчиси жана тиешелүү мамлекеттик мекемелердин жетекчилери катышты. Жыйындын жүрүшүндө, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары С.Ш.Кокошеров тарабынан, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-декабрындагы №724 токтому менен бекитилген “Чийки сүткө базалык бааны белгилөө тартибине” ылайык кенен маалыматтар берилди. Чийки сүттүн базалык баасын аныктоо боюнча түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топтордун милдеттерин түшүндүрүү менен тез аранын ичинде чийки сүттүн базалык баасын аныктап, тиешелүү эсеп-кысап материалдары менен биргеликте, жумушчу топ тарабынан аныкталган чийки сүттүн базалык баасын макулдашуу үчүн Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнө берүү жагы тапшырылды. Ошону менен бирге, чийки сүттүн базалык баасын аныктоо боюнча ведомстволор аралык түзүлгөн жумушчу топ, чийки сүттүн базалык баасын аныктап, тишелүү эсепматериалдары менен биргеликте Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнө бере тургандыгын билдиришти. Андан сырткары, Кызматтын төрагасынын орун басары, Кара-Суу шаарынын мэринин орун басары жана тиешелүү мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери менен биргеликте, Кара-Суу шаарынын борбордук базарындагы сатылып жаткан социалдык маанилүү товарлардын бааларына, анын ичинен өзгөчө эттин белгиленген бааларына мониторинг жүргүзүштү. Сатуучулардын айтымында, социалдык маанилүү товарлардын баалары туруктуу экендигин билдиришти. Мониторингдин жыйынтыгында, сатуучуларга социалдык маанилүү товарлардын бааларын негизсиз жогорулатпоо жана сатылып жаткан товардын бааларын керектөөчүлөр үчүн көрүнүктүү жерлерге илинип туруусу керектиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

 

Сүрөт галереясы