Нарын облусунда чийки сүткө базалык бааларды белгилөө маселеси боюнча тегерек стол өткөрүлдү
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облустук бөлүмү төмөнкүлөрдү маалымдайт.
2024-жылдын 2-декабрындагы №724 “Чийки сүткө базалык бааларды белгилөө жөнүндө” токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы №83 токтому “Мамлекет жөнгө салуучу чарбалык субьекттеринин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндөгү” Жобонун талаптарынын аткарылышы боюнча талкуу жүргүзүү үчүн 2026-жылдын 7-апрелинде тегерек стол уюштурулду.
Тегерек столго Нарын облусуна караштуу ар бир райондун ведомстволор аралык жумушчу топтор жана ошондой эле сүт заводдордун өкүлдөрү чакырылды.
Тегерек столду Бөлүм башчы Э.Т. Батырканов ачып, жогорудагы көрсөтүлгөн мыйзам актылары жөнүндө түшүндүрмө берип, чийки сүттүн базалык баалары ведомстволор аралык жумушчу топтор тарабынан сүттү кайра иштетүүчү ар бир завод үчүн ар бир кызыкдар тараптардын пикирин эске алуу менен 15-сентябрга чейинки мөөнөттө кышкы мезгилге, 15-мартка чейинки мөөнөттө жайкы мезгилге сүттү кайра иштетүүчү заводдордун чийки сүткө болгон керектөөлөрүн жана чийки сүттүн тарифин Монополияга каршы жөнгөгө салуу кызматы менен мыйзадуу түрдө макулашууну тездетүүнү талап кылды.
Ошондой эле тегерек столдо сүт иштетүүчү ишканалардын чийки сүткө сатып алуу баалары жөнүндө атайын слайд көрсөтүлүп андан сон, суро жооптор менен тегерек стол жыйынтыкталды.