Сокулук районунда эттин баасын турукташтыруу жана мал багуучуларды колдоо маселелери талкууланды
Мамлекеттик деңгээлде эт продукциясынын бааларын жөнгө салуу алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Мамыралиев Айбек Абасканович Чүй облусунун Сокулук районуна иш сапары менен барып, ири мүйүздүү малды багуу жана бордоп семиртүү менен алектенген бир катар фермердик чарбаларга барды.
Иш сапардын жүрүшүндө Мамыралиев А.А. фермерлердин учурдагы ишмердүүлүгү, мал багуу шарттары, өндүрүштүк кубаттуулуктардын деңгээли, ошондой эле айыл чарба өндүрүүчүлөрү туш болуп жаткан көйгөйлөр жана тоскоолдуктар менен кеңири таанышты. Өзгөчө көңүл ички рынокто эттин баасынын туруктуулугуна жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого бурулду.
Фермерлер менен болгон жолугушуунун алкагында төмөнкү негизги багыттар талкууланды:
Бордоп семиртүү аянттарын кеңейтүү жана малдын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу аркылуу эт өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйтүү.
Мал чарбачылыгын өнүктүрүү үчүн ар тараптуу мамлекеттик колдоону көрсөтүү, анын ичинде субсидиялоо жана консультациялык жана башка жардам берүү.
Фермерлерди колдоого багытталган жеңилдетилген кредиттерди, ссудаларды жана башка каржылык инструменттерди берүү.
Акыркы керектөөчүлөр үчүн бааны турукташтыруу максатында эттин дүң баасын төмөндөтүүгө багытталган чараларды көрүү.
Тоют базасын арзандатуу маселелери, анын ичинде арзан тоют менен жеткиликтүүлүктү фермерди камсыздоо жана алардын өндүрүшүн колдоо.
Мындан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө ортомчуларсыз, түз өндүрүүчүдөн керектөөчүгө эт продукциясын жеткирүүгө мүмкүндүк берүүчү адистештирилген соода түйүндөрүн түзүү маселеси да көтөрүлдү. Бул чара продукциянын акыркы баасын төмөндөтүүгө, баа түзүүнүн ачыктыгын жогорулатууга жана фермерлердин кирешесин көбөйтүүгө өбөлгө түзөрү белгиленди.
Белгиленгендей, учурда Чүй облусунун Сокулук районунда мал бордоп семиртүү менен алектенген 100дөн ашуун фермердик чарба иш алып барып, анда 7–8 миңден ашуун ири мүйүздүү мал багылууда. Өндүрүлгөн продукциянын негизги бөлүгү Бишкек шаарынын базарларына жөнөтүлүп, анда этке болгон суроо-талап жогору экендиги байкалууда.
Иш сапардын жыйынтыгында Мамыралиев А.А. мамлекеттик органдар менен айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн ортосундагы үзгүлтүксүз жана конструктивдүү диалогду улантуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ошондой эле айтылган бардык сунуштар жана көйгөйлөр мындан аркы иштеп чыгууга алынып, мамлекеттик деңгээлде тийиштүү чараларды көрүү үчүн каралары айтылды.