Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
15.04.2026 Маалымат борбору

Ысык-Көл облусунда социалдык жактан маанилүү товарларга бааларга мониторинг жүргүзүлдү

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Н.М. Кадырбекова Кызматтын эксперттери менен биргеликте иш сапары менен Ысык-Көл облусуна чыкты.

Иш сапардын алкагында Балыкчы шаарындагы соода объекттеринде социалдык жактан маанилүү товарларга бааларга мониторинг жүргүзүлдү. Мониторингдин жүрүшүндө эттин баасын жогорулатуу фактылары аныкталып, соодагерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Натыйжада аныкталган мыйзам бузуулар соода кылуучулар тарабынан жоюлду.

Мындан тышкары, бир катар соода түйүндөрүндө баа көрсөткүчтөрү (баа жазылган кагаздар) жок экени аныкталып, бул Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамынын талаптарын бузуу болуп саналары түшүндүрүлдү. Аталган кемчиликтер да жеринде оңдолду.

Белгилей кетсек, жакынкы күндөрү мониторинг иш-чаралары Чолпон-Ата жана Каракол шаарларындагы соода объекттеринде дагы жүргүзүлөт.

Сүрөт галереясы