Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
17.04.2026 Маалымат борбору

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Чүй облусунун мал багуучулары менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Нурланова Б.Н.нын тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын аянтчасында Чүй облусунун мал багуучулары менен жумушчу жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга жеңилдетилген кредиттөө жана ислам принциптеринин негизинде кредит берүү маселелерин талкуулоо үчүн «Айыл банк» өкүлдөрү чакырылды. Банктын өкүлдөрү айыл чарбасын кредиттөөнүн колдонулуп жаткан системалары тууралуу айтып беришти. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жылдык пайыздык чендери 6%дан 10%га чейин болгон айыл чарбасын жеңилдетилген кредиттөө боюнча мамлекеттик программа (ФСХ) иштеп жатат. Фермерлер өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылыгы жана кайра иштетүү үчүн 3-5 жылга чейин, көп учурда жеңилдетилген мөөнөтү менен каражат ала алышат. Мал багуучулар кредит алуу процесси өтө татаал экенин, көптөгөн ырастоочу документтер талап кылынарын, анын ичинде диний көз караштар боюнча айрым талаптарды аткаруу мүмкүн эместигин белгилешти. Алар ислам принциптеринин негизиндеги кредиттөөнү колдонуудагы системага киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-февралындагы № 115-т тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунушташты. Ошондой эле жумушчу жолугушуунун жүрүшүндө мал багуучулар азыркы учурда бордоп семиртүү үчүн мал сатып алууда бир аз кыйынчылыктар бар экенин белгилешти, мал багуучулар малды ортомчулук кызматтар системасы аркылуу базарлардан эмес, түздөн-түз сатып алышса кыйла жеңил болмок. Бул маселени жергиликтүү бийлик органдары менен иштеп чыгууну өтүнүштү. Мал багуучулар кредиттөө маселелери чечилгенде, малды түз сатып алуу системасы иштелип чыкса, өз бизнесин кеңейтүүгө даяр экенин билдиришип, бардык шарттарды талкуулап, тиешелүү мамлекеттик органдар менен кызматташууга даяр экенин айтышты. Жумушчу жолугушуунун жыйынтыгында Кызмат тарабынан мал багуучулардын бардык сунуштарын тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдар менен биргеликте иштеп чыгууга даярдык бар экени белгиленди, ошондой эле Чүй облусунун мал багуучуларын ислам принциптеринин негизинде кредит алууда камсыз кылуу үчүн ишке ашыруу механизмдерин иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-февралындагы № 115-т тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жөнөтүлөрү айтылды.

Сүрөт галереясы