Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
24.04.2026 Маалымат борбору

Бишкек шаарында социалдык маанилүү товарлардын баасына мониторинг жүргүзүлдү

2026-жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын базарларында социалдык жактан маанилүү товарлардын (эт, картошка, жумуртка, пияз, ун, кант, макарон азыктары) бааларына мониторинг жүргүзүлдү.

Иш-чара КТРКнын «Ала-Тоо 24» телеканалынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүп, алар социалдык жактан маанилүү товарлардын бааларына жүргүзүлгөн мониторинг процессин чагылдырууну камсыз кылышты.

Мониторингдин жыйынтыгында сатуучулар арасында керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдардын талаптарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө» мыйзамын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча тиешелүү көрсөтмөлөр берилди.

Сүрөт галереясы