Кыргызстанда социалдык маанилүү товарларга болгон баа абалы туруктуу сакталууда
Акыркы учурда социалдык тармактарда жана айрым интернет-ресурстарда Кыргыз Республикасында азык-түлүк товарларына, коомдук тамактануу кызматтарына жана күйүүчү-майлоочу материалдарга баалар өтө жогору деген мазмундагы билдирүүлөр жана комментарийлер жайылтылууда.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы мындай билдирүүлөр ички рыноктогу объективдүү абалды чагылдырбай турганын жана калк менен эл аралык коомчулукта өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал тууралуу туура эмес түшүнүк жаратып жатканын белгилейт.
Кызмат социалдык маанилүү товарларга, азык-түлүк продукцияларына жана күйүүчү-майлоочу материалдарга баалар боюнча туруктуу негизде мониторинг жүргүзүп, ошондой эле баа абалын ЕАЭБ өлкөлөрү жана коңшу мамлекеттер менен салыштырып талдап келет. Жүргүзүлүп жаткан иштердин жыйынтыгында Кыргыз Республикасындагы баа абалы туруктуу жана көзөмөлдө экени белгиленүүдө.
Numbeo эл аралык изилдөө платформасынын жаңыланган маалыматына ылайык, Кыргызстан жана аймактагы өлкөлөр эт азыктарына жеткиликтүү баалар боюнча алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Тактап айтканда, 1 килограмм уй этинин орточо баасы төмөнкүдөй:
| Өлкө | Орточо баа (АКШ доллары) |
|---|---|
| Кыргызстан | 8,5 |
| Казакстан | 8,72 |
| Россия | 10,90 |
| Азербайжан | 10,53 |
| Армения | 12,28 |
| Түркия | 20,01 |
Мында дүйнөнүн бир катар өнүккөн өлкөлөрүндө уй этинин баасы кыйла жогору:
| Өлкө | Орточо баа (АКШ доллары) |
|---|---|
| Швейцария | 45,75 |
| Норвегия | 32,82 |
| Люксембург | 27,74 |
| Түштүк Корея | 25,28 |
| Сингапур | 24,85 |
Ошентип, Кыргыз Республикасында «эң жогорку баалар» бар деген билдирүүлөр чындыкка дал келбейт жана эл аралык статистика менен ырасталбайт.
Мындан тышкары, Кызматтын мониторингинин жыйынтыктары Кыргызстандагы бир катар социалдык маанилүү товарлардын баалары ЕАЭБ өлкөлөрү жана коңшу мамлекеттер менен салыштырганда атаандаштыкка жөндөмдүү бойдон калып жатканын көрсөтүүдө. Көптөгөн товардык позициялар боюнча Кыргызстандагы баалар Армения, Тажикстан жана Өзбекстанга салыштырмалуу төмөн, ал эми айрым товарлар боюнча Россия Федерациясы жана Беларусь Республикасы менен салыштырууга болот.
Өзүнчө коомдук тамактануу тармагындагы абалды белгилеп кетүү зарыл. Кыргыз Республикасында социалдык жана жеткиликтүү жайлардан тартып орто жана премиум сегменттеги ресторандарга чейин коомдук тамактануу объекттеринин кеңири тандоосу бар. Керектөөчү өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жана каалоосуна жараша тамактануу форматын өз алдынча тандайт.
Ошол эле учурда коомдук тамактануу жайларындагы жогорку кардар агымы, популярдуу кафе-ресторандардагы туруктуу кезектер, жеткирүү кызматтарынын активдүү өнүгүшү жана жаңы объекттердин ачылышы өлкөдө туруктуу керектөө суроо-талабы жана активдүү экономикалык жашоо бар экенин көрсөтүп турат.
Мамлекет тарабынан калкты социалдык колдоого өзгөчө көңүл бурулууда. Тактап айтканда, Бишкек шаарында жана мындан ары Кыргыз Республикасынын аймактарында пенсионерлерди, ардагерлерди, көп балалуу үй-бүлөлөрдү жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоого багытталган «Евразия» социалдык дүкөндөр тармагы өнүгүүдө.
Социалдык дүкөндөрдө азык-түлүк жана биринчи керектөөдөгү товарлар өндүрүүчүлөрдөн түз жеткирилген төмөндөтүлгөн баалар менен сатылат. Айрым товарлар орточо рыноктук баадан төмөн баада сунушталып, социалдык карта аркылуу берилүүчү арзандатуулар 40 пайызга чейин жетет. Ассортиментте биринчи керектөөдөгү 100дөн ашык товар бар. Учурда Бишкек шаарында «Евразия» социалдык дүкөндөрүнүн бир нечеси иш алып барууда.
Күйүүчү-майлоочу материалдардын баалары боюнча да ЕАЭБ өлкөлөрү жана коңшу мамлекеттер менен салыштырганда Кыргыз Республикасындагы абал курч эмес экени белгиленет.
Салыштырма мониторингдин жыйынтыгында төмөнкү көрсөткүчтөр аныкталды:
АИ-92
| Өлкө | Баасы (сом/литр) |
|---|---|
| Кыргызстан (Бишкек) | 78,40 |
| Казакстан | 45,30 |
| Россия | 75,80 |
| Беларусь | 79,50 |
| Армения | 119,60 |
| Тажикстан | 96,60 |
| Өзбекстан | 91,30 |
АИ-95
| Өлкө | Баасы (сом/литр) |
|---|---|
| Кыргызстан (Бишкек) | 84,40 |
| Казакстан | 62,00 |
| Россия | 80,50 |
| Беларусь | 82,60 |
| Армения | 126,50 |
| Тажикстан | 113,40 |
| Өзбекстан | 100,70 |
Дизелдик отун
| Өлкө | Баасы (сом/литр) |
|---|---|
| Кыргызстан (Бишкек) | 90,80 |
| Казакстан | 63,50 |
| Россия | 92,20 |
| Беларусь | 82,60 |
| Армения | 135,70 |
| Тажикстан | 113,40 |
| Өзбекстан | 94,20 |
СУГ
| Өлкө | Баасы (сом/литр) |
|---|---|
| Кыргызстан (Бишкек) | 43,40 |
| Казакстан | 22,00 |
| Россия | 36,60 |
| Беларусь | 40,80 |
| Армения | 52,90 |
| Тажикстан | 60,40 |
| Өзбекстан | 44,50 |
Албетте, мунай өндүрүүчү мамлекеттерде — Казакстанда жана Россия Федерациясында — күйүүчү-майлоочу материалдардын баасы Кыргызстанга салыштырмалуу төмөн. Бирок бул өлкөлөрдө өзүнүн мунай өндүрүү жана кайра иштетүү кубаттуулуктары бар экенин эске алуу зарыл.
Ошол эле учурда Кыргызстандагы күйүүчү-майлоочу материалдардын баасы Армения, Тажикстан жана Өзбекстанга салыштырмалуу кыйла төмөн, ал эми айрым позициялар боюнча Беларусь Республикасынын баалары менен салыштырууга болот. Мындан тышкары, айрым учурларда Россия Федерациясындагы дизелдик отундун баасы Кыргыз Республикасындагы көрсөткүчтөрдөн да жогору.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы бааларга мониторинг жүргүзүү, товарлардын бааларынын негизсиз өсүшүнө жол бербөө, ак ниет атаандаштыкты камсыз кылуу жана керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо боюнча системалуу иштерин улантат.
Социалдык маанилүү товарлардын орточо рыноктук чекене баалары
(САР жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча, сом менен)
| № | Товардын аталышы | Өлчөм бирдиги | Кыргызстан | Армения | Тажикстан | Өзбекстан | Беларусь | Россия | Казакстан |
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| 1 | Кумшекер | кг | 77,3 | 99,9 | 129,7 | 108,9 | 74,4 | 80,2 | 106,9 |
| 2 | Тазаланган күн карама майы | литр | 159,8 | 225,1 | 226,6 | 144,2 | 195,9 | 151,9 | 176,6 |
| 3 | 1-сорттогу буудай уну (таразага тартылган) | кг | 34,9 | 85,1 | 65,9 | 55,7 | 41,5 | 31,5 | 31,2 |
| 4 | 1-сорттогу буудай унунан жасалган нан | кг | 66,7 | 168,0 | 104,6 | 63,9 | 74,0 | 132,9 | 77,2 |
| 5 | Тоок жумурткасы | 10 даана | 118,2 | 219,7 | 142,4 | 123,5 | 121,0 | 141,1 | 173,9 |
| 6 | Пастерленген сүт (2,5–3,2%) | литр | 81,9 | 158,0 | 151,8 | 114,8 | 87,0 | 103,4 | 137,6 |
| 7 | Каймак май | кг | 678,9 | 1510,2 | 1631,6 | 1186,5 | 1094,4 | 1235,8 | 1260,5 |
| 8 | Уй эти | кг | 706,9 | 964,2 | 1115,9 | 1159,2 | 817,7 | 810,3 | 862,7 |
| 9 | Кой эти | кг | 710,6 | 1389,1 | 1128,6 | 1195,2 | 958,2 | 1064,6 | 944,2 |
| 10 | Күрүч | кг | 141,1 | 222,5 | 161,6 | 145,3 | 175,7 | 236,7 | 195,6 |
| 11 | Макарон азыктары (рожки) | кг | 78,6 | 81,4 | 118,5 | 82,8 | 84,6 | 84,7 | 97,7 |
| 12 | Картошка | кг | 45,8 | 65,4 | 66,9 | 49,7 | 58,7 | 57,0 | 69,9 |
| 13 | Сабиз | кг | 41,1 | 56,1 | 40,6 | 69,1 | 41,7 | 44,3 | 59,5 |
| 14 | Пияз | кг | 25,9 | 51,4 | 46,9 | 36,7 | 51,9 | 43,0 | 43,5 |
| 15 | Көмүр | тонна | 7468,0 | - | 6189,1 | 6047,9 | 12775,8 | 10328,2 | 3878,1 |
| 16 | Цемент М-400 | кг | 417,2 | 487,2 | 513,6 | 354,6 | 605,6 | 493,1 | 462,7 |
| 17 | Бензин АИ-92 | литр | 78,0 | 124,2 | 96,0 | 90,0 | 79,3 | 73,8 | 45,4 |
| 18 | Дизелдик отун | литр | 86,1 | 133,4 | 112,6 | 92,9 | 82,4 | 90,9 | 63,3 |
| 19 | Суюлтулган газ (автогаз) | литр | 42,6 | 46,0 | 60,0 | 43,9 | 42,0 | 42,0 | 21,2 |
| 20 | Аммиак селитрасы | кг | 39,0 | 35,1 | 42,5 | 22,8 | 51,6 | 30,6 | 43,5 |
| 21 | Карбамид | кг | 50,5 | 50,2 | 54,0 | 29,5 | 72,5 | 42,6 | 58,0 |
| 22 | Аммофос | кг | 51,8 | 59,4 | 64,6 | 57,9 | 97,6 | 58,3 | 65,3 |
| 23 | Чөп | түк | 314,2 | - | - | - | - | - | - |
Күйүүчү-майлоочу материалдардын орточо баалары
(сом менен)
| Көрсөткүч | Кыргызстан (Бишкек) | Казакстан | Россия | Беларусь | Армения | Тажикстан | Өзбекстан |
|---|---|---|---|---|---|---|---|
| АИ-92 | 78,40 | 45,30 | 75,80 | 79,50 | 119,60 | 96,60 | 91,30 |
| АИ-95 | 84,40 | 62,00 | 80,50 | 82,60 | 126,50 | 113,40 | 100,70 |
| Дизелдик отун | 90,80 | 63,50 | 92,20 | 82,60 | 135,70 | 113,40 | 94,20 |
| Суюлтулган газ (СУГ) | 43,40 | 22,00 | 36,60 | 40,80 | 52,90 | 60,40 | 44,50 |