15.05.2026
Маалымат борбору
Ош шаарында керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча мониторинг жүргүзүлдү
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмү (мындан ары – Бөлүм) тарабынан Ош шаарынын аймагында жайгашкан соода-маркеттерине жана унаа кыймылдаткычтарынын майларын алмаштыруучу жайларга, Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Мыйзамынын талаптарын сактоо максатында, Бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан 2026-жылдын 14-майында мониторинг жүргүзүлдү. Мониторинг учурунда аталган соода маркеттеринин жана унаа кыймылдаткыч майларын алмаштыруучу жайлардын жетекчилерине жана кызматкерлерине керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.