Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
21.05.2026 Маалымат борбору

Нан азыктары рыногундагы абал жөнүндө

Кызматтын аянтчасында төраганын орун басары Санжарбек Кокошеровдун жетекчилиги менен Кыргызстандын ун өндүрүүчү ишканаларынын ассоциациясынын төрагасы Р.Дж. Жунушев менен жумушчу жолугушуу өткөрүлдү

Жолугушуунун жүрүшүндө ички рынокту азык-түлүк буудайы менен камсыз кылуу, ата мекендик ун өндүрүүчү ишканалардын туруктуу иштеши, ошондой эле калкты жетиштүү көлөмдө ун менен камсыз кылуу маселелери талкууланды.

Тараптар тармактагы учурдагы абал жана кызыкдар мамлекеттик органдар менен рыноктун катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсү боюнча пикир алышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кызмат берилген маалыматты эске алып, көтөрүлгөн маселелерди өз компетенциясынын алкагында кароого көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.

Сүрөт галереясы