Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
21.05.2026 Маалымат борбору

Керектөөчүгө акча каражатын кайтарууга көмөк көрсөтүлдү

КР ЭКМ караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан жарандын чет өлкөдө билим алуу боюнча окутууну уюштуруу кызматтарын көрсөтүүгө байланыштуу кайрылуусу каралды.

Кайрылууну кароонун жүрүшүндө керектөөчү менен уюмдун ортосунда чет өлкөдөгү билим берүү мекемесине кабыл алууга көмөктөшүү кызматын көрсөтүү жөнүндө келишим түзүлгөнү аныкталган. Ошондой эле керектөөчү тарабынан 87 000 сом өлчөмүндө акча каражаты төлөнгөн.

Арыз ээси кызматтар иш жүзүндө көрсөтүлбөгөнүн белгилеп, төлөнгөн акча каражаттарын кайтарып берүүдөн баш тартууга макул эместигин билдирген. Кайрылууну кароонун алкагында Кызмат тарабынан тараптардын катышуусунда тиешелүү жыйындар өткөрүлүп, алардын жүрүшүндө КР керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатындагы мыйзамдарынын талаптары, ошондой эле кызмат көрсөтүүнүн тартибин жана келишимдерди бузуу маселелерин жөнгө салуучу жарандык мыйзамдардын ченемдери түшүндүрүлгөн.

Кароонун жыйынтыгында аткаруучуга керектөөчүнүн укуктарын бузуу фактыларын жоюу жөнүндө көрсөтмө берилген. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында керектөөчүгө төлөнгөн акча каражаттары толук көлөмдө кайтарылып берилди.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы эскертет: билим берүү, консультациялык, ортомчулук жана башка кызмат көрсөтүүлөр боюнча келишим түзүүдө керектөөчүлөр кызмат көрсөтүүнүн акыркы максатын, аны аткаруу шарттарын, мөөнөттөрүн, тараптардын жоопкерчилигин, ошондой эле аткаруучу өз милдеттенмелерин аткарбаган учурда акча каражаттарын кайтаруу тартибин келишимде мүмкүн болушунча так жана конкреттүү көрсөтүшү зарыл.

Тактап айтканда, эгерде келишимдин предмети белгилүү бир окуу жайына тапшырууга көмөк көрсөтүү же белгилүү бир натыйжага жетишүү болсо, анда мындай милдеттенмелер аткарылбай калган учурда келип чыгуучу кесепеттерди, анын ичинде акча каражаттарын кайтаруунун шарттарын жана тартибин келишимде түздөн-түз көрсөтүү сунушталат.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Мыйзамынын 41-беренесине ылайык, керектөөчү аткаруучунун иш жүзүндө кеткен чыгымдарын төлөө шарты менен иштерди аткаруу (кызмат көрсөтүү) жөнүндө келишимди каалаган убакта аткаруудан баш тартууга укуктуу экенин эске алуу зарыл. Ушуга байланыштуу практикада акча каражаттарын толук кайтарып берүү маселеси укуктук жөнгө салууда көп учурда татаал болуп саналат, өзгөчө келишим башынан тартып так эмес же жетиштүү деңгээлде конкреттештирилбеген шарттарды камтыган учурларда.

Кошумча маалымдайбыз: Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы кайрылууларды өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде карайт, кароо үчүн милдеттүү көрсөтмөлөрдү берет жана тиешелүү чараларды көрөт. Бирок акча каражаттарын акыркы өндүрүп алуу, чыгымдардын өлчөмүн аныктоо жана мүлктүк талаштарды чечүү маселелери Кыргыз Республикасынын сот органдарынын компетенциясына кирет.