Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
28.05.2026 Маалымат борбору

Мамлекеттик нотариус кызматында накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алууда мыйзам бузуу аныкталды

2026-жылдын 19-майында Т.Э. атту жарандан электрондук кайрылуу менен Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында жайгашкан мамлекеттик нотариус кызмат көрсөтүүдө акча төлөөдө пост терминал жана QR коддор жок болгондугуна байланыштуу акча төлөй албай ыңгайсыздыктарды жаратып жаткандыгы боюнча кайрылуу келип түшкөн. 

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Н.Б. Сатаровдун 2026-жылдын 11-12 майындагы Ат-Башы айылынын эли менен жолугушуусун иш-чарасы отуп жаткан учурда дагы бир жаран Ат-Башы айылындагы мамлекеттик нотариус кызмат көрсөтүүдө QR код жок экендигин белгилеп кеткен.

Жогоруда катталган арыздардын негизинде Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облустук бөлүмүнүн кызматкерлери жогоруда көрсөтүлгөн арызды жеринен барып пост терминал жана (QR-коддун) эки өлчөмдүү символдорун пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуу жок экендиги аныкталып аталган мекемеге Кыргыз Республикасынын Укук Бузуулар жөнүндө Кодексинин 317-беренесинин 2-пункту боюнча протокол түзүлүп токтом чыгарылып чаралар көрүлдү.