Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
28.05.2026 Маалымат борбору

Талас облусунда облустук мекемелердин жетекчилери менен биргеликте Элдик жыйындар өткөрүлдү.

2026-жылдын 12-майынан тарта 23-майына чейин Президент С.Ж. Жапаров тарабынан берилген тапшырмага жана бектилиген графике ылайык, Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев тарабынан Талас облусунда облустук мекемелердин жетекчилери менен биргеликте «Элдик жыйындар» өткөрүлдү.

Жыйындардын алкагында Талас облусунун төрт району жана Талас шаарынын тургундары менен жолугушуулар болуп, ар тармактуу курч көйгөйлөр көтөрүлдү.

Аталган жыйындарга Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн башчысы К.Э.Уметов толугу менен катышып, Кызматка карата көтөрүлгөн  сүттүн учурдагы баалары, Айтматов районунун Чолпонбай айыл өкмөтү боюнча жыйында кирпич чыгарган заводто кирпичтин баасы кымбат болуп жаткандыгы боюнча, Бишкек шаарында 8 сом, ал эми Таласта 11 сом болуп жаткандыгы жана такси кызматынын кымбат болгондугу тууралуу суроолорго жеринде жооптор берилди.

Облус боюнча жалпы жыйынтык: кайрылгандардын саны – 500 ашык, ал эми көтөрүлгөн маселелердин саны – 1000 жакын болгон. Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Джумаев көйгөйлөрдү угуп, көтөрүлгөн маселерер боюнча жыйынтыгында ар бир мамлекеттик органдарга протоколдук тапшырмалар берилээрин билдирди.