12.06.2026
Маалымат борбору
Манас шаарындагы соода жана тейлөө ишканаларында накталай эмес төлөмдөрдү өнүктүрүү боюнча мониторинг жүргүзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери соода жана тейлөө объекттеринде накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге мониторинг өткөрүштү.
Мониторингдин жүрүшүндө ишкерлерге банктык төлөм карталары, QR-коддор жана башка санариптик төлөм инструменттерин колдонуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле накталай эмес эсептешүүлөрдүн артыкчылыктары тууралуу маалымат берилди.
Мындай иш-чаралар өлкөдө накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүүгө, финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана калк үчүн ыңгайлуу төлөм шарттарын түзүүгө багытталган.