17.06.2026
Маалымат борбору
Тарифти жогорулатуу пландаштырылып жаткандыгы жөнүндө билдирүү
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы «Кыргызтелеком» ААК тарабынан «Телефондук канализациядан пайдаланууга үчүнчү жактарга орун берүү» кызматына колдонулуп жаткан тарифти жогорулатуу демилгеленгендигин маалымдайт.
Берилген материалдар белгиленген тартипте каралат. Кароонун жыйынтыгында тарифтердин долбоору боюнча коомдук талкуу өткөрүлөт.
Коомдук талкуунун өтүүчү күнү жана жайы тууралуу маалымат расмий сайтта кошумча жарыяланат.
Маалымат алуу үчүн телефон: 0 (312) 56 32 19.