Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
26.06.2026 Маалымат борбору

Чүй облусунда керектөөчүнүн укуктарын коргоо камсыздалды

Чүй облустук бөлүмүнө жаран А.А. тарабынан «Jangazieva_hairstylist» сулуулук салонунун ишмердүүлүгүнө байланыштуу, анын керектөөчү катары укуктарынын бузулгандыгы жөнүндө кайрылуу келип түшкөн.                            Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдарынын алкагында сулуулук салонунун өкүлдөрү менен керектөөчүлөрдүн укуктарынын бузулушуна жол бербөө максатында тиешелүү иштер жүргүзүлдү.                       Кайрылууну кароонун жана жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында маселе жөнгө салынды. Сулуулук салонунун администрациясы тарабынан жаран А.А.га көрсөтүлбөгөн кызматтар үчүн төлөнгөн акча каражатын толук көлөмдө кайтарылып берилди. Натыйжада керектөөчүнүн бузулган укуктары калыбына келтирилди.            Белгилей кетүүчү жагдай, Чүй облусунун бөлүмүнүн негизги милдеттеринин бири — керектөөчүлөрдүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу, берилген ыйгарым укуктардын чегинде тиешелүү чараларды көрүү, ошондой эле ишкердик субъектилеринин жана калктын арасында алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болуп саналат.        Бөлүмдүн кызматкерлери жарандардын кайрылууларын кароо боюнча зарыл чараларды мындан ары да көрүүнү, керектөөчүлөрдүн бузулган укуктарын калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүүнү жана калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга, ошондой эле керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатындагы мыйзамдардын бузулушун алдын алууга багытталган маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантылат.