Араван районунда күйүүчү-майлоочу материалдардын бааларына мониторинг жүргүзүлдү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8- сентябрындагы «Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» №455 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-майындагы «Күйүүчү-майлоочу материалдарга рыноктук бааларды турукташтыруу боюнча чаралар жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» №369 токтомун жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2026- жылдын 26-майындагы «Кыргыз Республикасынын аймагында АИ-92 жана АИ-95 маркасындагы бензинге, дизель майына жана суюлтулган көмүр суутек газына (СКСГ) болгон бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө» №106 буйругун аткаруу, бааларды турукташтыруу жана алардын негизсиз өсүүсүнө жол бербөө максатында, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2026-жылдын 8- июнундагы жана 2026-жылдын 12-июнундагы “Кыргыз Республикасынын аймагында АИ-92 жана АИ-95 маркасындагы бензинге, дизелдик отунга жана суюлтулган көмүр-суутек газына (СКГ) максималдуу чекене бааларды белгилөө жөнүндө” №45 жана №50 буйруктарын аткаруу максатында, 2026- жылдын 18-июнунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ош облусунун Араван районунун аймагында мониторинг жүргузүлдү. Мониторинг жүрүшүндө, күйүүчү-майлоочу материалдардын белгиленген чекене баасынын жогорулашына жол бербөө, Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык баалардын (ценник) болушу, күйүүчү-майлоочу материалдардын чекене бааларынын белгиленген максималдуу денгээлин керектөөчүлөргө көрүнүктүү жана жеткиликтүү жерлерге жайгаштыруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.