Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
03.07.2026 Маалымат борбору

Токмок шаарында күйүүчү майга жана суюлтулган газга белгиленген чекене баалардын сакталышына мониторинг жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы №455 «Социалдык мааниге ээ товарларга мамлекеттик баа жөнгө салуу жөнүндө» токтомуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын АИ-92 жана АИ-95 үлгүсүндөгү бензинге, дизелдик күйүүчү майга жана суюлтулган газына (СКСГ) чекене сатуунун максималдуу бааларын белгилөөнү жөнгө салуу жөнүндө буйруктарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облусу боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери Токмок шаарынын мэриясынын жана Токмок шаары боюнча Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте Чүй облусунун Токмок шаарындагы май куюучу жайларда мониторинг жүргүзүштү.     Мониторингдин негизги максаты күйүүчү-майлоочу материалдарга белгиленген чекене сатуунун максималдуу бааларынын сакталышын көзөмөлдөө болду. Иш-чаранын жүрүшүндө май куюучу жайлардын өкүлдөрү менен колдонуудагы мыйзамдардын талаптарын сактоо, белгиленген максималдуу чекене баалардан ашырбоо, баа көрсөткүчтөрүнүн болушун жана алардын талаптарга ылайык туура таризделишин камсыз кылуу, ошондой эле күйүүчү-майлоочу материалдарга карата колдонулуп жаткан максималдуу чекене баалар жөнүндө маалыматты керектөөчүлөр үчүн жеткиликтүү жана жакшы көрүнгөн жерлерге жайгаштыруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Сүрөт галереясы