Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
08.07.2026 Маалымат борбору

Ош шаарында базарларда жана АЗСтерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Бүгүн, 2026-жылдын 8-июлунда, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери шаар аймагындагы социалдык маанидеги азык-түлүк товарларынын, цемент жана күйүүчүмайлоочу майлардын (КММ) чекене бааларына мониторинг жүргүзүштү. Мониторингтин алкагында биринчи кезекте керектелүүчү товарлардын бааларын негизсиз жогорулатуу фактыларына жол бербөө, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана Ош шаарындагы базарларда туруктуулукту камсыз кылуу. Жыйынтыгында соода түйүндөрүнүн, базарлардын, курулуш базарлардын жана май куюучу станциялардын (АЗС) администрацияларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ишкерлерге жайкы сезондун кызуу учурунда бааларды алып-сатарлык менен жасалма көтөрүүгө жол берилбестиги эскертилди. Жасалма тартыштык же баа боюнча өз ара келишип алуу фактылары аныкталган учурда, мыйзам бузуучулар КР мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат экендиги эскертилди. 

Сүрөт галереясы